ТОКТОМАМБЕТОВ АМАНКУЛ ЖАПАРБЕКОВИЧ

Мен, Аманкул Жапарбекович   Токтомамбетов    1964-жылдын 8-январында Нарын облусунун Жумгал районуна  караштуу Баш–Кууганды айылында туулгам, улутум кыргыз, билимим жогорку.

1980-жылы Баш  Кууганды орто мектебин ийгиликтүү аяктагандан кийин, эмгек жолумду 1980-жылдын декабрь айынан борбор калаабыздагы М.В.Фрунзе атындагы айыл чарбалык машина куруу заводунда баштагам.

1982-жылдын октябрь айынан 1984-жылдын декабрь айына чейин Советтик Армиянын катарында аскердик кызмат өтөгөм. 1985-жылы СССРдин 50-жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Укук таануу адистигине тапшырып 1990-жылы Юрист квалификациясын алып чыккам. 1990-жылдан 1993-жылга чейин Нарын шаардык прокуратурасында прокурордун жардамчысы, прокурордун улук жардамчысы, улук тергөөчү болуп эмгектендим. 1993-жылдан 1998-жылга чейин Кочкор райондук прокуратурасында прокурордун жардамчысы, улук тергөөчү, 1998-жылдан 1999-жылга чейин Ысык-Көл районунун прокурорунун орун басары   болуп иштедим. 1999-2000-жылдары Жети-Өгүз райондук прокуратурасын, 2000-2003-жылдары Кадамжай райондук прокуратурасын жетектедим.  2004-2007-жылдары Ысык-Көл райондук сотунда судья болуп иштедим. 2021-жылдын 22-апрелинен баштап 2021-жылдын 28-декабрына чейин «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчил саясий партиясынан шайланып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаты болуп иштедим.

 Азыркы учурда ардактуу эс алуудамын.

Үй-бүлөлүүмүн, эки кыз үч уулдун атасымын.

Жакын туугандарым, өзүм сот жоопкерчилигине тартылган эмесмин.