Менин программам “Менин Мекеним – менин байлыгым!”, “Ынтымак бар жерде ырыс бар!”, “Мыйзам – эл үчүн!”, “Билим, кесипкөйлүүлүк мамлекетти сактап калат!” - деген ураандар менен башталат.
Программа депутаттын ишинин артыкчылыктуу багыттарын эске алуу менен түзүлгөн:
- Мамлекеттин негизи – дени сак, билимдүү, ар тараптуу өнүккөн бекем, толук кандуу үй-бүлө!
- Спорт, маданият, саламаттыкты сактоо, билим берүү – бай, күчтүү мамлекеттин пайдубалы!
Күчтүү үй-бүлө ийгиликтүү келечектин ачкычы:
- Татыктуу эмгек –үйдөгү береке;
- Үй-бүлөлүк зомбулукка, никеге мажбурлоого жана башка эскичил мүнөздөгү көрүнүштөргө карата келишпестикти камсыз кылган гендердик теңчиликти колдоо;
Күчтүү жана кепилденген саламаттыкты сактоо:
- Медициналык туризмди жайылтуу жана колдоо;
- Спорт жана сергек жашоо ыңгайын жайылтуу.
Коомдун жаңылануусу адамдын интелектуалдык жөндөмүнө, билимине, ишмердүүлүгүнө, акыйкатуулугуна карап өнүгө алат:
- Заманбап билим, билим жана илим жогорку деңгээлде;
- Жеткиликтүү жана бирдей стандарттагы билим берүү;
Жаратылышты коргоо чөйрөсүндө жана экологиялык жоопкерчиликке багытталган жогорку стандарттагы мамлекеттик саясат:
- Экологиялык таза коомдук транспорттун өнүгүшү;
- Кыргыз Республикасынын таза жаратылышы;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу, көзөмөлдөө жана өкүлчүлүк функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча:
- Жогорку Кеңештин депутаттарынын жергиликтүү кеңештер менен өз ара пайдалуу кызматташтыгын жөнгө салуу;
- Шайлоо округунун жарандарынын кызыкчылыктарын көрсөтүү жана коргоо;
- Көпчүлүк элдин жана жеке жарандардын кайрылууларын кечиктирбей кароону жана ошол кайрылуулар боюнча тийиштүү чечимдердин өз убагында кабыл алынышын, аткарылышын көзөмөлдөөнү түп-тамыры менен жакшыртуу.
Биздин келечегибиз ар бирибизден көз каранды!