МУРЗАКИМОВА АЛТЫНКУЛЬ ЖЭЭНБЕКОВНА
Мен, Мурзакимова Алтынкуль Жээнбековна, 1986-жылдын 25-январында Нарын облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылында төрөлгөм. Азыркы убакта Чүй облусунун Ново-Покровка айылындагы Алма-Ата көчөсүнун 153-үйдө жашайм.
2005-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Экономика жана финансы институтуна «Финансы жана кредит» адистиги боюнча окууга тапшырып, экономист квалификациясын ыйгаруу менен 2010-жылы аяктадым.
Эмгек ишмердүүлүгүмдү 2012-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Республикалык жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү Республикалык фондунда бухгалтерия, кадр иштери жана документ жүгүртүү бөлүмүнүн адиси болуп баштагам.
2014-жылдын июль айынан 2022-жылдын апрель айына чейин Кыргыз Республикасынын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу борборунун башкы адиси (эсепчи) кызматында эмгектендим.
Ошол эле учурда, 2019-жылдын март айынан 2022-жылдын март айына чейин ЮНЕП/ГЭФ долбоорунун алкагында «Кыргыз Республикасына БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча рамкалык конвенциясынын төртүнчү Улуттук баяндамасын жана биринчи Эки жылдык отчетун даярдоого көмөктөшүү» долбоорунда каржылык ассистент болуп иштедим.
2022-жылдын ноябрынан 2023-жылдын апрелине чейин ОсОО «Кыргызтопчу» жана ОсОО «Кыргызтемирмык» ишканаларында башкы бухгалтер болуп иштеп, бухгалтердик жана салыктык эсепти толук жүргүздүм.
2016-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Окуу борборунда «Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу» темасындагы квалификацияны жогорулатуу курсун өттүм.
2018-жылы “Мамлекеттик жарандык кызматынын 3 класстагы инспектору” чини ыйгарылган.
Кыргыз, орус жана англис тилдерин билем.
Үй-бүлөлүк абалым — турмушка чыга элекмин.