ЖУНУШАЛИЕВА ГҮЛСҮНКАН ИШЕНГАЗИЕВНА
Мен, Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевна, Нарын областына караштуу Кочкор районунун Кочкор айылында туулгам.
1992-жылы В.В. Куйбышев атындагы Томск мамлекеттик университетин «философия мугалими» адистигин аяктагам. 2013-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын «юриспруденция» багыты боюнча магистр академиялык даражасына ээ болгом.
Эмгек жолумду 1986-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы асыл тукум чарбасында жумушчу болуп иштөөдөн баштагам.
1987-жылы Фрунзе медициналык техника дүкөнүндө жумушчу болуп иштегем.
1992-1996-жылдары К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде философия жана коомдук илимдер боюнча окутуучу болуп эмгектенгем.
1996-1977-жылдары Москва менеджмент жана коммерция университетинин Каракол филиалында окутуучу болуп иштегем.
1998-2021-жылдары И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында философия жана коомдук илимдер боюнча окутуучу болуп, ал эми 2021-жылдын февраль айынан тартып аталган академиянын мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор болуп дайындалганмын.
2011-жылы үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги төш белгиси менен сыйлангам.
2013-жылдын 3-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын чечими менен философия илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасына ээ болдум.
2024-жылдын 20-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясынын чечими менен «философия» адистиги боюнча доцент окумуштуулук наамы ыйгарылган.
2025-жылдын 19-февралынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү болуп эмгектенип келем.
Үй-бүлөлүүмүн, 5 баланын энесимин.