Талапкердин шайлоо алдындагы программасы:

I Аймактарда, айрыкча алыскы райондордо социалдык камкордук системасын бекемдеп, жарандардын жашоо сапатын көтөрүүгө басым жасайм:

  • Үй-бүлө жана Балалыкты коргоо: Жаштарды үй-бүлө баалуулуктарына, зомбулуксуз тарбиялоого жана ата-энелик жоопкерчиликке милдеттүү түрдө окутууну мыйзамга киргизүү.
  • Социалдык тармактагы кепилдиктер: Мугалимдер менен дарыгерлер үчүн социалдык пакет, турак-жай жана коопсуздук кепилдиктерин мыйзамдуу түрдө бекитүү.
  1. Мыйзамдардын, Президенттин реформаларынын аткарылышын көзөмөлдөө: "Чынчылдык, Калыстык жана Ар Бир Жаранга Камкордук"

Депутаттык көзөмөл функцияларымды колдонуп, мыйзамдардын, Президенттин реформалары Балыкчы шаарына, Кочкор, Жумгал жана Тогуз-Торо райондоруна толук көлөмдө жана жогорку сапатта жетишин камсыздайм.

Социалдык Чөйрө жана Билим Берүү

  • Айыл ден соолугу: Айылдарда медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо.
  • Билим сапаты: "Билим+" программасын ишке ашыруу менен региондордогу мектептерде сапаттуу билимге ар бир баланын бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоо (санариптештирүү, бекер интернет, онлайн китепканалар). Мектептерде эмгек сабагын, УПКны жандандыруу жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн бекемдөө.

Экономика жана Инфраструктура

  • Айыл чарба жана бизнес: Айыл чарба продукциясын ЕАЭБге экспорттоого жагымдуу шарттарды түзүү. Чакан жана орто бизнеске берилүүчү мамлекеттик кредит программаларындагы бюрократияны жою, түшүнүктүү шарттар, аз кагаз, аз убакытта алынууга көмөктөшүү.
  • Инновация жана ачыктык: Балыкчы шаарынын, Кочкор, Жумгал жана Тогуз-Торо райондорунун тургундары өздөрү аныктаган инновациялык долбоорлорду жана стартаптарды мамлекеттик артыкчылыктуу колдоого көмөктөшүү. Бюджеттик каражаттардын ачык-айкын жана максаттуу сарпталышын көзөмөлдөө.

III. Шайлоочуларымдын кызыкчылыктарын Жогорку Кеңеште энелик мээрим жана камкордук менен коргоо

Мен шайлоочулар менен түзмө-түз туруктуу байланыш системасын түзөм. Ар бир квартал сайын ар бир айылга келип, муктаж болгон тургундар менен жеке жолугуп, керектүү колдоону көрсөтөм.

Мен эл менен дайыма байланышта болуп, көйгөйлөрдү ыкчам чечүүгө милдеттенем!