МӨНДҮРБАЕВА ЫРЫСБҮБҮ МУКАНБЕТОВНА
Мен, Мөндүрбаева Ырысбүбү Муканбетовна, 1975-жылы 16-апрелде Нарын облусунун Ат-Башы районунун Калинин айылында жылкычынын үй-бүлөсүндө туулгам. 1982-жылы Калинин айылындагы Калинин орто мектебинин босогосун аттап, 1992-жылы аяктагам.
Атам — Мөндүрбаев Муканбет.
Апам — Дүйшенбиева Жумакан.
Үй-бүлөдө тогуз бир туугандын үчүнчүсүмүн.
Нарын Мамлекеттик университетинин АТФ факультетинин «Электр чордондору» кесибинин ээсимин.
Ат-Башы РЭТинде 2005-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин иштеп келе жатам.
Азыркы учурда Ат-Башы РЭТинде диспетчерлик кызматты аркалайм.
2022-жылдан баштап 2023-жылга чейин Ат-Башы райондук аялдар кеңешинин төрайымы болуп иштегенмин.
2023-жылдан бери азыркы кезге чейин Нарын облусунун аялдар кеңешинин төрайымы болуп иштейм.
Үй-бүлөлүүмүн.
Жолдошум — Аскаров Бакыт Догтурбекович.
3 уулдун, 2 кыздын, 6 неберенин энесимин.