. Экономикалык өнүгүү
Максат: Туруктуу өсүш, иш менен камсыздоо жана аймактык тең салмактуу өнүгүү.
Негизги багыттар:
— Ишкердикти колдоо: чакан жана орто бизнеске салыктын жөнөкөйлөтүлгөн режими, мамлекеттик сатып алууларда приоритет.
— Аймактык өнүгүү: ар бир облуска өнөр жай жана агроиндустриялык парктарды түзүү.
— Агрардык сектор: фермерлерге жеңилдетилген насыя, логистика жана экспорттук колдоо борборлору.
— Санариптик экономика: IT секторун өнүктүрүү, жаш стартаптарга гранттык программа.
— Энергетика: кайра жаралуучу булактарды өнүктүрүү, ички рыноктун энергия коопсуздугун камсыздоо.
2. Социалдык саясат
Максат: Ар бир жаранга социалдык коргоо жана татыктуу жашоо шартын камсыздоо.
Негизги багыттар:
— Пенсия жана жөлөкпул системасын реформалоо, реалдуу жашоо деңгээлине шайкеш келүү.
— Медициналык камсыздандырууну кеңейтүү жана дары-дармекке жеткиликтүүлүктү жогорулатуу.
— Тоолуу аймак статусу, социалдык женилдиктер, эмгек акыны жогорулатуу.
— Арзан турак жай программасы (“Жаш үй-бүлө”, “Мугалимдин үй-бүлөсү”, “Дарыгердин үй-бүлөсү”).
— Майыптыгы бар адамдар үчүн инклюзивдүү инфраструктура.
3. Билим берүү жана илим
Максат: Билим сапатын жана атаандаштык жөндөмүн көтөрүү.
Негизги багыттар:
— Мугалимдердин айлыгын жогорулатуу жана кесиптик өнүгүүсүнө инвестиция салуу, социалдык женилдиктер.
— Мектептерди заманбап лабораториялар жана интернет менен камсыз кылуу.
— Университеттерди эл аралык стандарттарга ылайык реформалоо.
— STEM жана IT билим берүү системасын өнүктүрүү.
— Жогорку билимге жеткиликтүү жана гранттык программалар.
4. Гуманитардык өнүгүү
Максат: Улуттук биримдикти, маданий мурастарды жана руханий баалуулуктарды сактоо.
Негизги багыттар:
— Улуттук тилди жана көп тилдүүлүктү өнүктүрүү.
— Жаштардын жана ыктыярчылардын коомдук демилгелерин гранттык колдоо.
— Спорт жана саламат жашоо образын өнүктүрүү.
5. Аялдар жана балдарды коргоо
Максат: Коомдо тең укуктуулукту жана үй-бүлөлүк коопсуздукту камсыз кылуу.
Негизги багыттар:
— Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө.
— Аялдардын саясаттагы, ишкерликтеги жана мамлекеттик кызматтагы катышуусун 30%дан кем эмес деңгээлге жеткирүү.
— Балдардын укуктарын жана коопсуз чөйрөсүн камсыз кылуу (мектептерде психологиялык кызмат, балдар үйлөрүн реформалоо).
— Энелер үчүн жумуш жана үй-бүлө ортосундагы тең салмак түзүүчү шарттар (жарым күндүк жумуш, бала бакча жеткиликтүүлүгү).
6. Мамлекеттик башкаруу
Максат: Ачык, адилеттүү жана жарандарга жооптуу бийлик.
Негизги багыттар:
— Коррупцияга каршы системалуу механизмдер: ачык тендерлер, санариптик мамлекеттик кызматтар.
— Жергиликтүү өз алдынча башкарууну күчөтүү.
— Жарандардын чечим кабыл алуу процессине катышуусун кеңейтүү (элдик угуу, онлайн петициялар).