САМЫЙКОЖО МИРЛАН

Мирлан Самыйкожо 1984-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында туулган. Улуту кыргыз, үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Билими – жогорку, 2006-жылы Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Журналистика факультетин бүтүргөн.

Мирлан Самыйкожо эмгек жолун 2002-жылы чыгармачыл жаштардын “Нурборбор” коомдук бирикмесине мүчө болуп, 2003-жылы аталган бирикменин проза ийриминин жетекчиси болуп баштаган.

2003-жылы “Бийиктик” басмаканасында маданий иштерди жайылтуу боюнча менеджер болуп иштеген.

2004-жылы “Айтыш” коомдук фондунун “Калемгер” адабий клубун негиздеп, бүгүнкү күнгө чейин жетектеп, «Айтыш” коомдук фондунун тең төрагасы да болуп коомдук негизде иштеп келген.

2006-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

2007–2008-жылдары Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзунун “Жаштар секциясынын” башчысы болуп эмгектенген.

2008-жылы Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын “Жаштык” радиосунда эмгектенип, 2010-жылдан 2015-жылга чейин “Кыргыз радиосунун” башкы редактору болгон.

2015-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин “Искусствону өнүктүрүү жана кесиптик билим берүү” башкармалыгынын милдетин аткаруучу, ушул эле жылдан 2017-жылга чейин министрдин кеңешчиси кызматын аркалаган.

2015-жылдан тартып Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун “Жаштар секциясынын” башчысы.

2017-жылы “Устат Академиясын” негиздеген.

2018-жылдын ноябрь айынан бери “Марал” радиосунун маданият бөлүмүнүн продюссери.

2019-жылы “Маалымат” чыгармачыл-өндөрөштүк бирикмесинин продюсери кызматына кабыл алынган.

2020-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышына №32 Кочкор бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланды.