Мыйзам чыгаруу жана иш багыттары:
- Билим берүү жана мугалимдерди колдоо
- Мугалим кесибинин коомдогу кадыр-баркын көтөрүү;
- Билим берүү сапатын жакшыртуу;
- Аймактагы мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо.
- Айыл чарба жана мал чарбачылык
- Мал багуучулар үчүн насыя саясатында жеңилдиктерди киргизүү;
- Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларга жеңилдик берүү.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу
- Жергиликтүү бийликтин жоопкерчилигин күчөтүү жана элге отчет берүүсүн милдеттендирүү.
- Социалдык адилеттүүлүк
- Жумушсуз калк үчүн жумуш ордун түзүү боюнча мыйзамдык демилгелер;
- Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык жардам жеткирүүнү кеңейтүү;
- Жаштардын билим алуусун жана ишке орношуусун мыйзам менен колдоо.
- Саламаттык сактоо жана билим берүү
- Райондук оорукана, ФАПтардын каржылоосун көбөйтүү;
- Дарыгерлер менен мугалимдердин маянасын жогорулатуу;
- Студенттерге гранттарды жана жатаканаларды көбөйтүү.
- Экология жана суу маселеси
- Жаратылышты сактоо жана токой, жайыттарды коргоо боюнча мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу.
- Маданият жана руханий өнүгүү
- Манасчылык, комузчулук, фольклор сыяктуу улуттук мурастарды сактоо боюнча мыйзамдык демилгелер;
- Театрларды, китепканаларды жана маданий борборлорду колдоо;
- Жаш таланттарга жана чыгармачылык долбоорлорго гранттарды алууга мүмкүнчүлүк түзүү.
Эл менен түз байланыш механизми:
- Жылына жок дегенде 2 жолу коомдук угуу өткөрүү;
- Ар бир райондо элдик сунуштарды кабыл алуу борборлорун ачуу;
- Шайлоочулардын сунуштарын парламентке жеткирүү милдетин алуу.