ТААЛАЙБЕК КЫЗЫ ЖЫЛДЫЗ

Мен, Таалайбек кызы Жылдыз, 1990-жылдын 3-ноябрында Нарын облусунун, Кочкор районунун, Кочкор айылында жумушчулардын үй-бүлөсүндө төрөлгөм.
2007-жылы "SILK-ROAD" эл аралык мектебин ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылы Борбордук Азиядагы Америка университетине тапшыргам. Эл аралык жана ишкердик укук жаатында билим алган. 2012-жылы бул окуу жайды ийгиликтүү аяктап, «бакалавр» академиялык даражасына ээ болгом.
2012-жылы Кыргыз-Россия Славян университетинин юридикалык факультетине тапшыргам. 2014-жылы бул окуу жайды ийгиликтүү аяктагап, «магистр» академиялык даражасына ээ болгом.
2013-жылдын май айынан 2014-жылдын март айына чейин «Кыргыздипсервис» Мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасында катчы-референт болуп иштегем.
2014-жылдын март айынан 2014-жылдын декабрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык-укуктук департаментинде эксперт-жетектөөчү референт болуп эмгектенгем.
2019-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык укуктук департаментине эксперт-жетектөөчү референти болуп дайындалгам. Бул кызматта 2021-жылдын 16-февралына чейин иш алып баргам.
2019-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясына тапшыргам. Эл аралык мамилелер тармагында окугам. 2021-жылы бул окуу жайды ийгиликтүү аяктап, «магистр» даражасына ээ болгом.
2021-жылдын март айынан 2023-жылдын август айына чейин «Таалайбек Курткаев атындагы кайрымдуулук фонду» коомдук фондунун жетекчиси кызматында эмгектенгем.
2021-жылдын 29-декабрынан тартып азыркы учурга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатымын. 2023-жылдын 25-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин мүчөсү болдум, учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин мүчөсүмүн.