Менин максатым – ар бир тургун эртеңки күнгө ишеним арткан мүмкүнчүлүк аймагы катары Нарын өрөөнүн учур талабына ылайык өнүктүрүү. Бул максатка акыйкат башкаруу жана уюштуруу менен, жергиликтүү калктын өздөрүнүн жигердүү катышуусу менен гана жетишүүгө болот. Менин Жогорку Кеңештин VII чакырылышында депутат катары мамлекеттик органдар менен тыгыз иштешкен тажрыйбам Нарын өрөөнүнүн көйгөйлөрүн чечүүгө, аны учур талаптарына ылайык өнүктүрүүгө толугу менен өбөлгө түзөт. Нарын өрөөнүн өнүктүрүү боюнча аймактын учурдагы көйгөйлөрүнө кылдат саресеп салуунун негизинде "Нарын өрөөнү – мүмкүнчүлүктөрдүн аймагы" деген ураандын астында иштелип чыккан программам төмөдөгүдөй багыттарда жүргүзүлөт:
Экономика жана жумуш орундары
-
Эл үчүн иштеген экономиканы түзүү. Бул максатта биз кооперативдерге жана өндүрүштүк бирикмелерге чыгымдарды азайтуу жана сатуу рынокторун кеңейтүү үчүн колдоо көрсөтөбүз.
-
Аймакты ички жана тышкы рыноктор менен байланыштыруучу долбоор катары "Нарын дарбазасы” логистикалык борборлорду түзүүнү демилгелейбиз.
-
Айыл чарба, кол өнөрчүлүк, экотуризм жана этнотуризм багытындагы стартаптар үчүн салыктык жана гранттык жеңилдиктерди бере турган мыйзам долбоорун демилгелеп киргизебиз. Ошондо, айрыкча, жаштар жана аялдар үчүн жаңы жумуш орундары камсыз болот.
Билим берүү
Билим берүүнү өнүктүрүү – бул биздин жалпы милдетибиз.
Кыргызстандын башка региондорунда жана чет өлкөлөрдө иштеген мыкты педагогдорду жергиликтүү мектептерге офлайн жана онлайн түрүндө кызматташууга тартуу менен, окуучулардын билимин, дүйнөтаанымын, ой жүгүртүүсүн өстүргөн, билим алууга шыктандырган долбоорлорду иштеп чыгабыз жана демилгелейбиз.
Ар бир мектепте заманбап компьютердик класстарды түзүүнү демилгелейбиз, анда балдар биринчи класстан баштап программалоонун негиздерин, санариптик сабаттуулукту жана жаңы технологияларды колдонууну үйрөнө алышат.
Аймактардагы кесиптик-техникалык окуу жайларынын окуу базасын, жабдууларын жана жатаканаларын жаңылоого умтулабыз. Окуу
программалары практикага, санарип технологияларга жана жергиликтүү рыноктун талаптарына шайкеш болушу шарт.
Инфраструктура жана жашоонун сапаты
Бийик тоолуу аймактардын жашоочулары ыңгайлуу шарттарга татыктуу.
Бийик тоолуу шарттарда жана жолу катаал алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялардын жана компенсациялардын көлөмүн көтөрүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгабыз.
Кыштын катаалдыгын жана жазгы суу ташкындарын эске алуу менен, жолдорду капиталдык оңдоодон өткөрүүнү өз көзөмөлүбүзгө алабыз.
Мектептердин, медпункттардын жана социалдык объектилердин курулушун жана модернизациялоосун, алардын алыстыгын эске алуу менен бүткөрүү боюнча иштерди жүргүзөбүз.
Эң алыскы айылдарды да үзгүлтүксүз байланыш жана интернет менен камсыз кылуу боюнча иш алып барабыз.
Экология
Нарын дарыясы – аймактын символу жана анын кан тамыры.
Нарын дарыясынын жээктерин бекемдөө иштерин өз көзөмөлүбүзгө алып, айылдарга болгон коркунучту жоюуну талап кылабыз.
Жашылдандыруу, жайыттарды коргоо жана эрозияны алдын алуу боюнча масштабдуу программаны баштайбыз.
Аймакта көз карандысыз жана экологиялык жактан талапка жооп берген чакан ГЭСтерди жана күн энергеясын колдонууну өнүктүрөбүз.
Саламаттыкты сактоо
Адамдар медициналык жардамды каттоосуна жараша эмес, муктаждыгына жараша алышы керек. Бул өзгөчө алыскы жана бийик тоолуу райондордун жашоочулары үчүн абдан маанилүү, анткени ал жерлерде дарыгерлерге мүмкүнчүлүк чектелген.
Бул багытта биз ишке ашыра турган иш-чаралар:
•
Бюджетти адилет бөлүштүрүүнү камсыз кылуу.
•
Айылдык медицина кызматкерлерин колдоо программаларынын лоббиси — кызматтык турак-жай, дем берүүчү төлөмдөр, квалификацияны жогорулатуу курстары.
•
Көчмө медициналык кароо программаларына көмөктөшүү.
•
Жергиликтүү дарыгерлердин жана жарандык активисттердин демилгелерин колдоо — аларга парламенттик суроо-талаптар жана коштоо аркылуу гранттарга жана программаларга чыгууга жардам берүү.
Ар бир аймакка -таза суу
Таза суу – ар бир жашоочунун негизги укугу. Нарын облусунда арыктан, кудуктан суу ичкенге, же алыстан ташууга аргасыз болгон айылдар дагы эле бар. Бул ден соолукка кооптуу болгон, андыктан кечиктирилбей чече турган оор көйгөй.
Мен таза суу көйгөйүн системалуу чечүүнү сунуштайм:
•
Ар бир айылдагы суу менен камсыздоо системасын инвентаризациялоо;
•
Калктын санын жана муктаждыктардын өсүшүн эске алуу менен жаңы суу түтүктөрүн оңдоо жана куруу;
•
Таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорго бюджеттик жана эл аралык инвестицияларды тартуу;
•
Суунун сапатына мониторинг жүргүзүү жана чыпкалоо менен тазалоо системаларын ишке ашыруу;
•
Айыл өкмөттөрү жана жергиликтүү жамааттар аркылуу тургундардын өздөрүнүн таза суу менен камсыздоо демилгесин колдоо.
Жаштар жана аялдар
Нарын өрөөнүнүн келечеги миграцияга кетпей, өз жеринде жаңы нерсени жараткан адамдарда. Ошондуктан жаш ишкерлер жана экологиялык демилгелер үчүн гранттарды жана стипендияларды түзөбүз.
Райондордо жаштар иштеп, өнүгө турган инновациялык хабтар пайда болот.
Аялдар үчүн долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулат. Биз төмөнкүлөрдү иштеп чыгабыз жана ишке ашырабыз:
•
аялдардын кооперативдерин, кол өнөрчүлүк борборлорун жана жергиликтүү өндүрүштү колдоо программалары;
•
финансылык сабаттуулукка, онлайн сатууга жана ишкердикке окутуу;
•
айыл өкмөттөрдүн алдында аялдардын демилгелүү клубдарын ачуу – тажрыйба жана идеяларды алмашуу үчүн аянтчаларды түзүү;
•
энелерди жана алыскы айылдардагы аялдарды билим алуу, медициналык кызмат көрсөтүү жана социалдык коргоо аркылуу колдоо.
Биз Нарын өрөөнүнүн жергиликтүү калкы менен чогуу жигердүүлүк, жаратмандык, тилектештик менен заманбап өнүгүүгө багыт алган алгылыктуу иштерди жүзөгө ашырып, чоң ийгиликтерге жетишебиз деп терең ишенем.