СЫДЫКОВ МУРАДИЛ ЖАНЫШБЕКОВИЧ

Сыдыков Мурадил Жанышбекович - 1979-жылы 7-сентябрында Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун М.Баетов айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү.

2001-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз Техникалык университетин аяктап,  инженер-энергетик кесибине  ээ болгон. 2018-жылы Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиясынын, “Юриспруденция” бөлүмүн аяктаган.

Эмгек жолун 2001-2002-жылдары №12 Турак-жай эксплуатациялоо башкармалыгында-мастер, 2002-2003-жылдары №4 Турак-жай эксплуатациялоо башкармалыгында-мастер, 2003-2006-жылдары «Чыңдоо» ЖЧК курулуш фирмасында - мастер, инженер, башкы инженер, 2006-2008-жылдары «Интер-Альянс» ЖЧК - башкы энергетик, 2008-2011-жылдары «Профит Экспресс» ЖЧК – курулуш компаниясында аткаруучу директор болуп иштеп келген.   

2021-жылы "Ынтымак" партиясынын тизмеси менен VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин Тѳрагасы болуп шайланган.

         Сыйлыктары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак Грамотасы (2018-жыл), Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн Ардак Грамотасы (2020-жыл), Кыргыз Республикасынын  Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак Грамотасы (2018-жыл), Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Архитектура, Курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин  Ардак грамотасы (2019-жыл), Кыргыз Республикасынын  Ички иштер министрлигинин юбилейдик медалы (2018-жыл), Кыргыз Республикасынын Президентинини алдындагы Башкаруу Академиясынын Ардак грамотасы (2012-жыл), Бишкек шаарынын Мэринин Ардак грамотасы (2011-жыл), Бишкек шаарынын Мэринин Ардак грамотасы (2016-жыл), Бишкек шаарынын Мэринин Ардак грамотасы (2017-жыл), Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын Ардак грамотасы (2013-жыл), Нарын облусунундагы Ички иштер башкармалыгынын Ардак грамотасы (2021-жыл), Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Ардактуу Автотранспортчу" төш белгиси (2022-жыл), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаровдун Ардак грамотасы (2023-жыл) жана башка сыйлыктар менен сыйланып келет.

Нарын облусунун ардактуу атуулу.

Үй бүлөлүү, төрт баланын атасы.