ӨКМӨТ МЕНЕН ӨНӨКТӨШТҮК

Парламенттин милдети — талаш эмес, мамлекеттик ишти биргеликте жүргүзүү.

Менин ишимдин максаты — өкмөт, жергиликтүү бийлик жана эл менен биргеликте иштеп, тоолуу аймактар үчүн чыныгы жыйынтык берүүчү мыйзам долбоорлорун жазуу жана алардын ишке ашырылышын көзөмөлдөө.

КАЛК САЛАМАТТЫГЫ

Тоолуу аймактардагы дарыгерлерге жана медайымдарга коэффициенттик кошумча жана социалдык колдоону арттыруу тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу. Ар бир райондун борборун  заман талабына ылайык жабдуу менен камсыз кылуу жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү.

Ар бир жаран жылына бир жолудан кем эмес медициналык кароодон акысыз өтүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун иштеп чыгып ишке ашыруу.

БИЛИМ БЕРҮҮ

Тоолуу аймактарда иштеген мугалимдерге төлөм коэффициентин жогорулатуу жана турак жай менен камсыздоо боюнча мыйзам долбоорун сунуштоо. Бул менен жаш жана мыкты кадрларды айыл жергесине тартуу.

Мектептерди интернет жана техника менен жабдуу жана чыңдоо  маселесин өкмөт менен биргеликте көтөрүү. Бийик тоолуу аймактан чыккан таланттуу жаштар үчүн жогорку окуу жайларда атайын квоталар жана гранттар боюнча мыйзам демилгелөө.

СПОРТ ЖАНА ЖАШТАР САЯСАТЫ

Айыл жерлеринде спорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана каржылоону арттыруу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу. Жаштардын демилгелерин жана иш менен камсыз болуусун мамлекеттик деңгээлде колдоо механизмин сунуштоо.

БИЙИК ТООЛУУ АЙМАКТАР ҮЧҮН КОЭФФИЦИЕНТТЕР

Тоолуу райондордун тургундары үчүн эмгек акыга, пенсияга жана жөлөк пулга жогорулатылган коэффициенттерди инфляциялык көрсөткүчтөргө байлоо жана жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоорун даярдоо. “Аймактык тең салмак фондун” (региондук фонд) түзүүнү сунуштоо. Бул фонд борбордук бюджеттен каржыланып, бийик тоолуу аймактардагы инфраструктура, билим берүү, медицина жана жаштар программаларын жакшыртууга багытталат.

ИШКЕРДИКТИ КОЛДОО

Тоолуу аймактардагы чакан жана үй-бүлөлүк бизнес үчүн салыктык жана кредиттик жеңилдиктерди күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу. Айыл чарба кооперативдерин жана жергиликтүү өндүрүштү мыйзам түрүндө колдоону ашыруу боюнча механизмдерди сунуштоо. Бийик тоолуу аймактарда өндүрүлгөн экологиялык таза продукцияны улуттук бренд катары өнүктүрүү демилгесин көтөрүү.

КУРУЛУШ ЖАНА ИНФРАСТРУКТУРА

Мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк аркылуу айылдык инфраструктураны өнүктүрүү программаларын демилгелөө. Курулуш инфраструктурасын жакшыртуу жана курулуш өндүрүштөрүн чыңдоо.

ТАЗА СУУ

Аймактардагы айылдарды таза суу менен камсыздоо боюнча улуттук программага мыйзамдык негиз түзүү. Ичүүчү суунун сапатын жакшыртуу жана чыпкалоо системаларын каржылоо, модернизация боюнча демилге көтөрүү. Парламенттик көзөмөл аркылуу суу долбоорлорунун аткарылышын текшерүү жана көзөмөлдөө.

СУГАТ СИСТЕМАЛАРЫ ЖАНА АЙЫЛ ЧАРБАСЫ

Ирригация системаларын жана суу сактагычтарды куруу жана жаңылоо боюнча мыйзам долбоорлорун даярдоо.

Дыйкандар үчүн жеңилдетилген насыя, үрөн жана техника берүү программаларын көбөйтүүнү демилгелөө.

ТУРИЗМ

Тоолуу жана экотуризмди өнүктүрүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу — жергиликтүү туризмди мамлекеттик деңгээлде колдоо. Туризм тармагында иштегендер үчүн салык жана административдик жеңилдиктерди киргизүү боюнча сунуш.

КЕН БАЙЛЫКТАР ЖАНА ӨНӨР ЖАЙ

Тоолуу аймактарда чийки затты жеринде кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө шарт түзүү. Кен иштеткен компаниялардын экологиялык жоопкерчилигин күчөтүү боюнча мыйзам демилгелөө.