КУЛЕНБЕКОВ ЫРЫСБЕК КЫРМАНЧИЕВИЧ
Мен, Куленбеков Ырысбек Кырманчиевич, 1968-жылы 25-августта Нарын облусунун Тянь-Шань районундагы «8-Март» айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулгам. Улутум кыргыз.
1975-жылы 8-Март айылындагы башталгыч мектепке баргам. 1977-жылы үй-бүлөбүз Нарын шаарына көчүп келгендиктен, Т. Сатылганов атындагы №1 орто мектепке которулгам.1985-жылы мектепти аяктап, Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетине тапшыргам. 1987-1989-жылдары СССР Куралдуу Күчтөрүнүн катарында кызмат өтөгөм. 1989-жылы окуумду улантып, 1992-жылы жогорку окуу жайды бүтүргөм.1992-жылдан 1994-жылга чейин Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Мамлекеттик салык инспекциясында иштегем.1994-жылдан 2008-жылга чейин Кыргыз Республикасынын казыналык тутумунда ар кандай жетекчи кызматтарда, бөлүм башчыдан КР Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директорунун орун басарына чейин иштедим.. 2007-жылдан 2008-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын кечкисин окуп, «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистиги боюнча артыкчылык дипломун алгам.2010-жылдан 2014-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигинде иштегем.
«Финансы кызматынын отличниги» наамынын ээсимин. 3-класстагы мамлекеттик кызматтын кеңешчиси (Г2 категориясы) деген класстык чиним бар. Аскерге милдеттүүмүн, улуу лейтенант деген наамым бар. 3 балам бар.