«Топоз чарбасын жандандыруу – Теңир Тоонун туруктуу келечеги»

Кандидат: Куленбеков Ырысбек
Регион: Теңир Тоо аймагы

1. Киришүү

Теңир Тоо — кыргыз элинин ыйык тоолору, бул жерде адам менен табият тынчтыкта жашап келген. Бардык малдын ичинен кыргыздын тагдыры менен айкалышкан өзгөчө жаныбар — бул топоз. Топоз — Кудай берген жаныбар, бийик тоолор менен таза табияттын белгиси. Ал чыдамкайлыктын, күчтүн жана туруктуулуктун символу. Кыргыз менен топозду Теңир бириктирген — бири тоонун сакчысы, экинчиси анын деми. Топоз чарбасын өнүктүрүү — бул жөн гана экономика эмес, бул руханий жана табигый тең салмактуулукка кайтуу.

2. Негизги максаттар

  • Теңир Тоодо Эл аралык топоз чарбачылыгы борборун түзүү.
  • Топоз чарбачылыгын кыргыздын ыйык кесиби катары жандандыруу.
  • Топозду аймактын стратегиялык жана руханий ресурсу катары өнүктүрүү.
  • Органикалык продукция өндүрүү жана экспорттоо.
  • Илим жана билим берүү тармагын өнүктүрүү.
  • Экотуризмди жана кыргыздын озгочо маданий жолун онуктуруу.

3. Иш-аракеттердин планы

Жыл

Негизги иштер

2026

«Топозу Теңир Тоо» ассоциациясын түзүү жана пилоттук чарбаларды ачуу.

2028-2029

Эл аралык топоз чарбачылыгы борборун куруу.

2029-2030

Экологиялык таза продукцияны экспорттоо

2028–2030

Өндүрүү жана кайра иштетүү тармагын кеңейтүү, дүкөндөрдү ачуу.

4. Коомдук жана руханий таасирлер

  • Тоолуу райондордо туруктуу жумуш ордун түзүү.
  • Айыл чарба үй-бүлөлөрүнүн кирешесин 2–3 эсе жогорулатуу.
  • Кыргыздын нарктуу-салттуу жашоо жолун сактоо, урпактарга татыктуу откоруп беруу.
  • Инфраструктураны өнүктүрүү (жолдор, байланыш, ветеринария).
  • Адам, табият жана Теңир ортосундагы руханий байланышты жандандыруу.

5. Элге кайрылуу

Теңир Тоо — бул жөн гана тоолор эмес, бул кыргыз элинин ыйык жүрөгү. Кудай кыргыз менен топозду бир жолго коюп, алардын биримдигин ыйык кылган. Бүгүн биз ата-бабалардын жана Теңирдин осуятына ылайык, ушул мурастарды жандандырышыбыз керек.

Топоз чарбасын өнүктүрүү — бул биздин тоолордун, маданиятыбыздын жана келечегибиздин кайра жаралуусу!

Урааныбыз:

 «Топоз — Теңир берген ырыскы, кыргыз — аны сактаган эл!»