АБДЫКАДЫРОВ АДЫЛБЕК БЕЙШЕМБАЕВИЧ
Мен, Абдыкадыров Адылбек Бейшембаевич, 1979-жылы 12-августта Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Калинин айылында туулгам. Ата-энем мугалимдик кесипти аркалап жаш муунга билим беришкен инсандар. Калинин атындагы орто мектепте атам унаа мугалими, апам математика мугалими болуп иштечү. Үй-бүлөдө алтообуз: төрт кыз, эки уул, бала кезибизден эмгекчил, бири-бирибизге камкор болуп өстүк. 1988-жылы ата-энемдин жумуш которуусуна байланыштуу биздин үй-бүлө Ат-Башы районунун борбору Ат-Башы айылына көчүп келген. Окуучулук жылдарым ушул жерде өттү.1996-жылы Жаналы уулу Абдырахман атындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктадым. 1997-жылы Кыргыз агрардык академиясынын сырттан окуу бөлүмүнө “Жол кыймылын уюштуруу” адистигине тапшырдым. Эки жыл окугандан кийин үй-бүлөлүк себептерден улам академиялык тыныгуу алууга аргасыз болдум. Кийин окууну улантып, 2009-жылы Агрардык академияны ийгиликтүү аяктап, тандап алган адистигим боюнча жогорку билимге ээ болдум. Окууну аяктагандан кийин курулуш тармагында иштөөнү чечтим. 2011-жылы «Бейшембай-Курулуш» ЖЧКсын түздүм, ал жерде өзүм директор болуп иштеп жатам. Компания түзүлгөндөн бери Кыргыз Республикасынын ар кайсы аймактарында социалдык объектилерди — мектептерди, бала бакчаларды, ооруканаларды жана башка мекемелерди куруу жана капиталдык оңдоо долбоорлорун ишке ашырууга активдүү катышып келет. Бул жылдар аралыгында курулуш иштерин уюштурууда, бригадаларды башкарууда, мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен кызматташууда, экономикалык жана социалдык маселелерди жеринде чечүүдө бир топ тажрыйбага ээ болдум. Мен сапатка, ишенимдүүлүккө жана коомдук кызматка өзгөчө басым жасайм.
Үй- бүлөлүүмүн, жубайым менен үч бала — эки уул жана бир кызды тарбиялап келебиз. Улуу уулубуз үйлөнгөн, эки жашар неберебиз бар, анын күлкүсү мага кубаныч жана дем берет.
Атам 2021-жылы 68 жашында дүйнөдөн кайтты, апам ардактуу эс алууда.
Талыкпаган эмгек, чынчылдык жана жоопкерчилик жашоонун жана иштөөнүн негизги принциптери деп эсептейм. Жетишкен ийгиликтерим алгач ата-энемдин мыкты тарбиясы жана өжөрлүгүм, үй-бүлөмдүн колдоосунун натыйжасы.