"Кыргызстандын келечегин бирге курабыз!"

Мен куруучумун.Көп жылдардан бери эл кызматында — үйлөрдү, мектептерди, жолдорду, инфраструктураны курууда катышып келем.

Бүгүнкү күндө өлкөбүз жаңы нукта өнүгүп жатат, заман жаңы ыкмаларды, заманбап чечимдерди, элдин жыргалчылыгы үчүн иштөөгө даяр жоопкерчиликтүү адамдарды талап кылууда деп эсептейм.

Куруучу катары мен жаңы Кыргызстанды — күчтүү, адилеттүү жана гүлдөп өнүккөн мамлекетти куруунун бир бөлүгү болгум келет.

Менин максатым – жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу жана өлкөнүн өнүгүүсү үчүн туруктуу негиз түзүү үчүн курулуш тармагындагы мыйзамдарга жана практикага реалдуу өзгөртүүлзөрдү киргизүү.

Программанын негизги багыттары

  1. Курулуш тармагындагы заманбап реформалар
  • Заман талабына ылайык курулуш мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси.
  • Курулуш иштеринин сапатын жогорулатуу жана коопсуздук көзөмөлүн күчөтүү.
  • Ата мекендик курулуш компанияларын жана курулуш материалдарын өндүрүүчүлөрдү колдоо.
  • Курулушта заманбап технологияларды жана энергияны үнөмдөөчү стандарттарды киргизүү.
  1. Жарандар үчүн жеткиликтүү турак жай
  • Жаштар, көп балалуу үй-бүлөлөр жана калктын социалдык жактан аялуу катмарлары үчүн социалдык жана жеткиликтүү турак жай курулушунун программаларын иштеп чыгуу.
  • Ипотекалык жана субсидияланган турак жай программалары үчүн шарттарды түзүү.
  • Турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнүн ачык-айкындуулугу жана көзөмөлү.
  1. Инфраструктура жана региондук өнүгүү
  • Жолдорду, суу түтүктөрүн, саркынды сууларды чыгаруу системаларын жана энергия менен жабдуу системаларын реконструкциялоо жана куруу.
  • Чакан шаарларды жана айылдарды өнүктүрүү долбоорлорун колдоо.
  • Жергиликтүү адистерди жана ресурстарды тартуу менен аймактарда курулуш инфраструктурасын өнүктүрүү.
  1. Ачыктык жана отчеттуулук
  • Курулуш тармагындагы коррупцияга жана мыйзамсыз аракеттерге каршы күрөш.
  • Иштин сапаты жана өз убагында аткарылышы учун подряддык уюмдардын жана мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин жогорулатуу.

 

Менин позициям

  • Курулуш бул жөн гана имараттарды тургузуу эмес, бул бүтүндөй келечекти түзүү.
  • Кыргызстандын ар бир жараны коопсуз, ыңгайлуу жана заманбап шарттарда жашашын каалайм.
  • Биз биргелешип чыгармачылык, эмгек жана адилеттүүлүк өнүгүүнүн негизи болгон өлкөнү кура алабыз.

Жаңы келечекти куруу — Кыргызстанды куруу!