БАЗАРБАЕВ КАНЫБЕК СУЙУНУЧБЕКОВИЧ

          Мен Базарбаев Каныбек Суйунучбекович 1969-жылы 16 июнда Майлуу-Суу шаарында мугалимдин үй бүлөсүндө туулгам. 1986-жылы Ноокен районунда Н. Ломоносов атындагы мектеп интернат окуу жайын аяктагам.Ошол эле жылы Россия Федерациясында Москва шаарында Правдинский лесхоз техникумуна тапшырып, 1987-жылы аскерге барып 1989-жылы аскер кызматты аяктап келип 1989-жылдан окумду улантып үй турмуш тиричилике байланыштуу сырттан окуу бөлүмүнө которулуп, Көк-Таш токой бөлүмүндө токойчу болуп жумушумду баштагам.1992-жылы токой мастери андан соң токой бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштедим. 1996-жылы 24-июнда жумуш маалда авария болуп белимден оор жаракат алып 1 группадагы майып болуп калдым, төрт жолу оор операция башымдан өттүү. 2011-жылы Майлуу-Суу шаарында “Эл шамы” коомун ачкам.2014-жылы Майлуу-Суу шарынын майыптар коомунун төрагасы болдум. 2019-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу эл аралык университетин тапшырып 2022-жылы “Юриспруденсия” факультетин аяктагам. 2013-жылдан 2021-Жылга чейин эки чакырылышта шаардык кенештин депутаты, соц тармак комитеттин төрагасы болдум. 7 жолку Жалал-Абад облусунун чемпиону,7 жолку Кыргызстан чемпиону, 2 жолку Азия жана кубок Азиянын байге ээси. 2019-жылы Кыргыз Республикасынын кол күрөш  спорт чебери наамын алып 2020-жылдан ушул күнгө чейин Балдар өспүрүмдөр спорт мектебинде кол күрөш боюнча машыктыруучу болуп иштейм. Кыргыз мамлекетине жаштарга кошкон салымым үчүн, шаар меериясынан Жалал-Абад облусунун президентинин ыйгарым өкүлүнөн социалдык тармак миграция министирлигинен бир нече жолу “Алкыш”, Ыраазычылык кат, Грамоталар менен сыйлангам. 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ардак Грамотасы” менен сыйлангам, 2023-жылы социалдык тармак миграция министирлигинен “Отличник”наамын алгам. 2024-жылы III-элдик Курултайдын делегаты болгом.

Үй-бүлөлүмүн, үч баланын атасымын.