Каныбек Базарбаевтин программасы

“Күчтүү аймак – күчтүү Кыргызстан”

Шайлоочуларга кайрылуу

Урматтуу Майлуу-Суу,Ноокен жана Базар-Коргон аймагынын тургундары!

Биздин аймак- эмгекчил, сабырдуу, бирок көп жылдар бою жетиштүү көңүл бурулбай келген аймак. Элге кооз убадалар эмес, адилет мыйзамдар, туруктуу жумуш орундар, жеткилүүктүү медицина жана келечекке ишеним керек.

Мен Жогорку Кеңешке 13-шайлоо округунун кызыкчылыгын коргоо, мамлекеттик чечимдердин элдин турмушуна чыныгы пайда алып келишин камсыз кылуу жана бийиликтин ишине көзөмөл жүргүзүү үчүн бара жатам.

Депутат элден алыстабай, ар дайым жарандар менен тыгыз байланышта иштеши керек деп эсептейм.

1.Социалдык коргоо жана калктын кирешеси

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү социалдык жардамды күчөтүү.

Пенсионерлердин, майыптыгы бар жарандардын укуктарын мыйзам аркылуу коргоо.

Негизги азык-түлүк жана дары-дармектердин баасынын өсүшүн көзөмөлдө.

Эмгек мигранттарынын жана алардын үй-булөлөрүнүн социалдык корголушун жакшыртуу.

Максат: мамлекеттик жардам чыныгы муктаж адамдарга жетиши керек.

2.Саламаттык сактоо жана элдин ден соолугу

Түштүк аймактагы ооруканалар менен поликлиникаларды республикалык бюджеттен каржылоону күчөтүү.

Аймактарга дарыгерлерди тартуу боюнча мамлекеттик программаларды көзөмолдө.

Балдар жана улгайган жарандар үчүн акысыз алдын ала медициналык текшерүүлөр.

Майлуу-Суу шаарындагы экологиялык тобокелдиктердин адам саламаттыгына тийгизген таасирине өзгөчө көңүл буруу.

Милдет: бюджет жана мыйзам аркылуу маселени чечүүгө жетишүү.

3.Билим берүү жана жаштардын келечеги

Айыл жана шаар мектептерине тең каржылоо шарттарын камсыз кылуу.

Мугалимдерди жана тарбиячыларды колдоо боюнча мыйзамдык демилгелер.

Кесиптик билим берүүнү жана кайра окутууну өнүктүрү.

Жаштар үчүн жумуш орундарын түзүүчү программаларды колдоо.

  1. Спорт жана сергек жашоо образы

Аймактарда массалык спортту өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларды илгерилетүү.

Республикалык бюджет аркылуу спорт аянтчаларын, залдарды жана стадиондорду куруу жана оңдоп-түзөө.

Балдар-өспүрүмдөр спорт мектептерин, секцияларды жана машыктыруучуларды колдоо.

Балдар үчүн спорттук ийримдерге акысыз же жеңилдетилген мүмкүнчүлүк.

Улуттук жана салттуу спорт түрлөрүн өнүктүрүү.

Спортту жаштар арасындагы кылмыштуулуктун жана терс көрүнүштөрдүн алдын алуу каражаты катары колдоо.

Максат: ден соолугу чың жаш муун- мамлекеттин негизи.

  1. Жумуш орундар жана экономикалык өнүгүү

Чакан жана орто бизнести, дыйкандарды жана кооперативдерди колдоо.

Аймакта айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканаларды өнүктүрүү үчүн мыйзамдык шарт түзүү.

Үй-бүлөлүк ишкердикти жана өз алдынча иштөөнү колдоо.

Эмгекчилердин жана ишкерлердин укуктарын коргоо.

  1. Аймактарды өнүктүрүү жана инфраструктура

Республикалык бюджет түзүлгөндө 13-округдун кызыкчылыгын коргоо.

Жолдорду, таза суу системаларын, электр тармактарын оңдоону көзөмөлдө.

Ичүүчү таза суу жана көрктөндүрүү программаларын колдоо.

Калктуу конуштар ортосундагы транспорттук жеткилүктүүлүктү жакшыртуу.

  1. Эл менен туруктуу байланыш

Округда жарандарды үзгүлтүксүз кабыл алуу.

Жергиликтүү демилгелерди, НКОлорду жана жарандык коомду колдоо.

Жыйынтык:

Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерет.