Негизги багыттар жана конкреттүү милдеттер:
1. Айылдык инфраструктураны өнүктүрүү
• Жолдорду жана көчөлөрдү оңдоо, жарыктандыруу, балдар аянтчаларын жана сейил бактарды калыбына келтирүү, коопсуз жолдорду камсыз кылуу боюнча иштерди улантам.
•Калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүү максатында дыйкан-фермерлерди Сугат суу менен камсыздоо жана ирригациялык системаларды жакшыртуу

2. Ачыктык жана натыйжалуу башкаруу:
• Бюджеттин ачыктыгын жана отчеттуулугун камсыз кылуу: шайлоочулар алдында үзгүлтүксүз отчет берип туруу, иштин жыйынтыктарын жарыялоо, эл менен түз диалог жүргүзүү.
• Жарандардын демилгелерин колдоо: форумдар, “ачык эшик күндөрүн” өткөрүү, эл жергиликтүү маселелер боюнча чечим кабыл алууга катыша турган шарттарды түзүү.
3. Билим берүү, жаштар жана үй-бүлө:
• Мектептерди жана бала бакчаларды колдоо: материалдык базасын чыңдоо, коопсуз жолдорду камсыз кылуу, кошумча ийримдерди жана секциялар түзүү.
• Жаштар үчүн программалар: мамлекеттик түзүмдөрдө практика жана стажировка өтүү мүмкүнчүлүгү; жаш ишкерлер үчүн гранттар жана стартап колдоолору; спорттук жана маданий жайларды өнүктүрүү.
• Үй-бүлөлөрдү, кары-картаңдарды жана аз камсыз болгон жарандарды колдоо: жеңилдиктер, субсидиялар, билим берүү программалары (мисалы, санариптик сабаттуулук боюнча); медициналык жана социалдык жардамды жакшыртуу.

4. Экономика жана жумуш менен камсыз кылуу:
• Аймактагы чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү: административдик тоскоолдуктарды азайтуу, маалыматтык жана кеңеш берүү борборлорун түзүү, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо.
• Инвестицияларды тартуу жана жумуш орундарын түзүү: инфраструктуралык долбоорлорду, логистика жана агроөнөр жай чынжырларын өнүктүрүү.
• Айыл чарбасын колдоо: фермаларды жаңылоо, жаңы технологияларга жана базарларга жетүү, өндүрүүчүлөрдү кооперативдерге бириктирүү.

5. Курчап турган чөйрө жана жашоо сапаты:
• Аймактарды таза жана тартиптүү кармоо: таштандыларды өз убагында чыгаруу, санитардык эрежелерди сактоо, бак-дарак жана сейил бактарды жаңылоо.
• Экологияны жакшыртуу: өндүрүш жана тоо-кен ишканаларынын таштандыларын көзөмөлдөө, жашылдандыруу программаларын ишке ашыруу.