АРСЛАНБЕК ЭГЕМБЕРДИЕВДИН ПРОГРАММАСЫ
- СУГАТ СУУ ЖАНА ИЧҮҮЧҮ ТАЗА СУУ
* Суу ресурстарын натыйжалуу жана ачык-айкын башкаруу.
* Айыл чарбасында тамчылатып сугаруу системаларын кеңейтүү.
* Сууну үнөмдөөчү технологияларды айыл аймактарга жайылтуу.
* Ички сугат каналдарды калыбына келтирүү жана жандандыруу.
* Айылдарга таза суу тартуу.
* Сел коркунучтарынын алдын алуу.
- АЙЫЛ ЧАРБАСЫН ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА АЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУГУ
* Жайыттардын сапатын жакшыртуу, ар кандай чөптун уруктарын жыл сайын себүү.
* Жер-жемиштерди туура сактоо жана экспортту колдоо. Жергиликтүү кайра иштетүү жана кол өнөрчүлүктү колдоо.
- ЖАШТАР ЖАНА БИЛИМ
* Жаштарга жумуш орундарын түзүү.
* Сырткы миграцияны азайтуу.
* Жаш спортчуларга жана таланттуу окуучуларга стипендия, грант программалары.
- САНАРИП КЫРГЫЗСТАН
* Интернет жетпеген айылдарга ылдам интернет жеткирүү.
* Кыргызтелеком жана Starlink менен биргелешип иштеп чыгуу.
- МЕДИЦИНАЛЫК ИНФРАСТРУКТУРАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮ
* Айыл жерлерде медпункттарды жабдуу, медицина адистерин көбөйтүү.
* Алыскы айылдардын тургундары үчүн көчмө медициналык кызматтарды киргизүү.
- ЖОЛ ИНФРАСТРУКТУРАСЫ
* Мин.Каб менен биргеликте жолдорду оңдоо, көпүрөлөрдү куруу, коопсуз өтмөктөрдү уюштуруу.
7.ТУРИЗМ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ МОБИЛДҮҮЛҮК
* Арстанбап — Базар-Коргон — Жогорку зона багытында туристтик инфраструктураны өнүктүрүү.
* Жолдорду, токтоочу жайларды, эс алуу аймактарын жана санитардык шарттарды жакшыртуу.
*Туристтер үчүн коопсуз, ыңгайлуу жана жеткиликтүү шарттарды түзүү.
- ИНВЕСТИЦИЯ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ИШКЕРЛИК
* Чет элдик жана ички инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
* Логистикалык компаниялардагы тажрыйбанын негизинде айыл чарба жана жеңил өнөр жай үчүн логистика инфраструктурасын жакшыртуу.
* Аймактарда чакан жана орто бизнести колдоо программаларын киргизүү.
10.СОЦИАЛДЫК КОЛДОО ЖАНА КАМКОРДУК
* Социалдык жана физикалык мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү
* Ар түрдүү тубаса ооруган балдар үчүн реабилитациялык борборду түзүү.
* Карылар үчүн ден-соолугун чыңдоого багытталган санаторий жана курортторго арзандатуу программасын иштеп чыгуу.
* Социалдык контракт системасын муктаждарга толук кандуу киргизүү.