БЕЙШЕНКУЛ УУЛУ АМАНТУР

Талапкердин кыскача өмүр баяны:

              Мен, Бейшенкул уулу Амантур, 1991-жылы 26-апрелде Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон районуна караштуу  Кызыл-Үңкүр а/ө ошол маалдагы Акбулак айылында кызматкердин үй-бүлөөсүндө төрөлгөм. 1997-жылы №21 С.Ташиев атындагы орто мектепке 1-класска барып, 2008-жылы ийгиликтүү аяктадым. 2010-жылы Кыргыз Республикасынын аскердик альтернативдик кызматын өтөгөм. 2014-жылыБ.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинин “Экономика жана бухгалтердик эсеп” адистигин аяктап, ошол эле жылы К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетине тапшырып “Финансы жана кредит” адистигин 2020-жылы аяктадым.   Эмгек жолум 2012-жылы Новосибирск шаарында ашпозчу болуп иштеп, андан ары “Кызыл-Үңкүр” токой чарбасында-жумушчу, 2021-2024-ж.ж.Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинде депутат, төрага болуп эмгектендим. 2019-2024-ж.ж. аралыгында Жалал-Абад шаарынын жаштар иштери боюнча комитети, Жалал-Абад шаардык   тарыхый-аймак таануу музейинде эсепчи жана башкы эсепчи кызматтарында иштедим. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө Палатасынын пландоо, отчеттуулук жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүндө адис кызмат ордунда иштеп жатам. Үй-бүлөөлүүмүн. Апам- Бакирова Мавлюдахан Калдарбековна 07.09.1966-ж.т.- ардактуу эс алууда. Жубайым- Шайырбек кызы Элиза- 20.08.1993-ж.т. МЧБББ №34 “Тунук”-жетекчиси. Уулум-Бейшенкулов Артур Амантурович 04.01.2015-ж.т.- мектеп окуучусу. Кызым_ Бейшенкулова Адеми Амантуровна 21.06.2020-ж.т. -бала бакчага барат. Үй-бүлөө мүчөлөрү Жалал-Абад облусу, Манас шаарында жашашат. Өзүм жакындарым сот жоопкерчилигине тартылган эмес.