КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бейшенкул уулу Амантурдун шайлоо программасы.
Регионду өнүктүрүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү планы:
Кичи жана орто бизнести колдоо: фермерлер жана ишкерлер үчүн жеңилдетилген кредиттерге жана гранттарга жетүүнү жөнөкөйлөтүү.
Айыл чарба продукциясын жеринде кайра иштетүүгө шарт түзүү (жемиштер, жашылчалар, жаңгактар), киреше аймактын ичинде калышы үчүн.
Базар-Коргон районунда өндүрүлгөн балды экспорттоого байланыштуу документтерди жөнөкөйлөтүү жана ашыкча бюрократияны кыскартуу.
Мамлекеттик жана жеке инвестицияларды тартуу, өзгөчө Кызыл-Үңкүр жана Арсланбап жаңгак токойлорунда туризмди өнүктүрүү.
Токой массивдерин жашартуу жана жашылдандыруу боюнча демилгелерди колдоо.
Айыл чарба багытында:
Ирригациялык каналдарды оңдоо жана модернизациялоо, сууну адилеттүү бөлүштүрүү.
Үрөн, жер семирткичтер жана айыл чарба техникасына жеткиликтүүлүк боюнча мамлекеттик колдоо.
Фермерлердин чыгымдарын азайтуу үчүн кооперативдерди өнүктүрүү.
Коммуникация жана инфраструктура багытында:
Айылдар менен райондук борборлордун ортосундагы автоунаа жолдорун капиталдык жана учурдагы оңдоо.
Базар-Коргон шаарында суу менен камсыздоо жана канализация системасын калыбына келтирүү долбоорун демилгелөө, айыл аймактарында таза ичүүчү сууга жетүүнү жакшыртуу.
Учурдагы уюлдук байланышты жакшыртуу, тоолуу аймактардын тургундарын мобилдик интернет менен камсыз кылуу.
Билим берүү жана жаштар багытында:
Мектептерди жана бала бакчаларды капиталдык оңдоо, жылуулук жана жабдуулар менен камсыз кылуу.
Жаш мугалимдерди, дарыгерлерди жана адистерди колдоо.
Жаштар үчүн кесиптик билим алууга жана жумушка орношууга шарт түзүү.
Спорттук жана маданий ийримдерди өнүктүрүү.
Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо:
ФАПтарды жана райондук медициналык мекемелерди заманбап жабдуулар менен камсыз кылууну жакшыртуу.
Улгайган адамдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгү.
Социалдык жөлөкпулдар тармагында адилеттүү саясат жүргүзүү.
Экология багытында:
Башаламан таштандылар маселесин чечүү.
Жер жана суу ресурстарын коргоо.