МАМАСАДЫКОВ ЗАМИРБЕК ДУЙШАЛЫЕВИЧ

Мамасадыков Замирбек Дуйшалыевич 1981-жылы Таш-Көмүр шаарынын чет жакасындагы Шамалды-Сай шаарчасында туулган. Улуту кыргыз. 1998-жылы К. Осмонкулов атындагы №2 Шамалды-Сай орто мектебин аяктаган. Жогорку билимдүү, 2003-жылы Жалал-Абад коммерциялык институтун «Финансы жана кредит» адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 2003-жылы көп тармактуу өндүрүштүк айыл чарба кооперативи «Азиз КД» уюмунда баштаган. 2007-жылы «Инэксимбанк» банкынын Жалал-Абад филиалынын кредиттик бөлүмүндө эксперт болуп иштеген. 2008-жылы «БТА банк» ААКсынын Шамалды-Сай шаарчасындагы №42 үнөмдөө кассасынын жетекчиси болуп дайындалган.

2013-жылы айылдык кеңештин депутаты болуп шайланган, 2016-жылы кайрадан депутат болуп кайра шайланган. 2013-жылдын 24-декабрынан тартып «Достук» айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген. 2016-жылы айылдык кеңештин депутаттарынын бир добуштан чечими менен экинчи мөөнөткө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп кайра шайланган.

Эл үчүн жасаган үзүрлүү эмгеги үчүн төмөнкү сыйлыктар менен сыйланган:
• 2015-жылы «Эркин Тоо» жана «Кыргыз Туусу» гезиттери тарабынан «Жылдын мыкты айыл өкмөтү» деп табылган;
• 2016-жылы «Айыл чарбанын мыктысы» төш белгиси менен сыйланган;
• 2016-жылы «Ноокен жаңырыгы» гезити тарабынан «Жылдын мыкты айыл өкмөтү» деп табылган;
• 2016-жылы Ноокен району боюнча «Жылдын мыкты айыл өкмөтү» наамы ыйгарылып, Кызыл Туу менен сыйланган;
• 2017-жылы «Кыргыз Туусу» гезити тарабынан «Жылдын мыкты айыл өкмөтү» деп табылып, «Кыргыз Туусунун каарманы» төш белгисине татыган;
• 2017-жылы Мамлекеттик жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер агенттиги тарабынан Ардак грамота менен сыйланган;
• 2017-жылы «Эркин Тоо» жана «Аймак» гезиттери тарабынан «Жылдын мыкты айыл өкмөтү» деп табылган;
• 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги тарабынан «Айыл чарбасына 90 жыл» төш белгиси менен сыйланган;
• 2018-жылы «Кыргыз Республикасынын Ардактуу инсандары» коомдук бирикмеси тарабынан «Эл сүйгөн жетекчи» наамы ыйгарылып, төш белги тапшырылган;
• 2018-жылы Мамлекеттик агенттик тарабынан «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы» төш белгиси менен сыйланган;
• 2019-жылы «Достук» айыл өкмөтү жалпы республикалык «Жылдын эң мыкты айыл өкмөтү» сынагынын жеңүүчүсү болуп, 1 500 000 сомдук сыйлыкка ээ болгон;
• 2019-жылы «Кыргыз Туусу», «Эркин Тоо» жана «Ачык сөз» гезиттери тарабынан «Жылдын мыкты айыл өкмөтү» жана «Өзгөчө жетекчи» деп табылган;
• 2019-жылы Кыргыз Республикасынын «Даанышмандар жана жигердүүлөрдү колдоо ассоциациясы» тарабынан «Эл сүйгөн жетекчи» төш белгиси менен сыйланган;
• 2020-жылы «Жетиген» журналы тарабынан «Жылдын мыкты айыл өкмөтү – 2020» деп табылган.

2021-жылы «Ыйман Нуру» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, төрт уулу жана эки кызы бар.

Соттолгон эмес.