2026-жылдын 1-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо алдындагы

ПРОГРАММА

 

Урматтуу мекендештер! Урматтуу шайлоочулар!

 

Мен, Мамасадыков Замирбек Дуйшалыевич 2026-жылдын 1-мартында болуучу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттырынын шайлоосуна №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнчаөз талапкерлигимди коюп турган кезим.

Азыркы дүйнө – бул мамлекеттер менен аймактардын ортосундагы экономикалык жана саясий атаандаштык дүйнөсү. Кыргызстан бул күрөштө коомдук турмуштун бардык чөйрөсүн жаңылоо аркылуу гана жеңишке жетишүүсү мүмкүн.

Менин максатым – элимдин жашоосун жакшыртууга бүт күчүмдү жумшоо жана адилеттүү эл өкүлү болуу!

1. Сапаттуу билим берүү — “Жаштар — келечектин капиталы”

Сапаттуу билим гана өлкөнүн ар бир жаранына өз алдынча турмуш кечирип, өзү, коом жана мамлекет үчүн жоопкерчиликти мойнуна алышына мүмкүнчүлүк берет.

Билим берүү өлкөнүн өнүгүшүнүн локомотиви болуп калышы керек. Дал ушул билимдүү жана иш билги адамдар жаратылыш ресурстары жетишсиз болгон шарттарда ХХI кылымдын заманбап жана өнүккөн Кыргызстанын жарата алышат.

2. Саламаттык сактоо жана улуттун ден соолугу

“Дени сак улут, күчтүү мамлекет” дегендей улуттун саламаттыгы мамлекетибиздин эң негизги көңүл буруучу багыттарынын бири болушу керек. Бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо тармагы толугу менен заманбап жаңы технологияларга муктаж. Ал үчүн төмөндөгү иш-чараларды аткаруу зарыл:

  • Айылыбыздагы ФАПтардан баштап ооруканаларыбызды заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздоо;
  • Медицина кызматкерлери үчүн социалдык турак-жай куруу тармагын күчтөндүрүү;

Дарыгерлердин жана кенже медициналык кызматкерлердин айлык-акысын жогорулатып, бир кездеги кадыр-баркын кайтаруу.

3. Экономика жана жумуш орундары

Өнөр-жай тармагын өнүктүрүү программасын иштеп чыгып өнөр-жай жана өндүрүш тармагын мамлекеттик деңгээлде артыкчылыктуу багыт деп аныкталышы керек. Бул тармакты өз нугуна салыш үчүн төмөндөгүдөй кечиктирилгис иш-чараларды жасаш керек:

  • Айыл жергесинде айыл-чарба продукцияларын иштетүүчү чакан ишканаларды, цехтерди салуу;
  • Жеңил өнөр-жай тармагына өзгөчө көңүл буруп, ар бир айылга жок эле дегенде бирден кичи тигүүчү цехтерин куруу;
  • Өнөр-жай жана өндүрүш тармагын мамлекеттик деңгээлде жеңилдетилген насыяларды, субсидияларды берүү;
  • Салык каникулдарын жарыялап ишкерлерге жеңилдиктерди берүү;
  • Ар бир айылга кичи өндүрүштү жана тигүү цехтерин жайгаштыруу;
  • Жеңилдетилген насыялар, субсидиялар, салык жеңилдиктери;
  • Жашыл энергетика: чакан ГЭСтер, күн панелдери, жергиликтүү чарбалар үчүн энергия көз карандысыздыгы.

4. Айыл чарбаны өнүктүрүү — “Биздин талаа, биздин келечек”

  • Дыйкандар үчүн жеңилдетилген насыялар жана субсидиялар;
  • Багбанчылык жана дары-өсүмдүктөрдү кайра иштетүү;
  • Айыл чарба кооперативдерин түзүү жана колдоо;
  • Айыл тургундарын заманбап айыл чарба технологиялары менен окутуу.

5. Жергиликтүү башкаруу органдары

ü Айыл өкмөттөрүнүн жана райондук администрациялардын жарандарга кызмат көрсөтүүсүн күчтөндүрүү;

ü Жарандар түздөн-түз жергиликтүү көйгөйлөрдү билдирип, чечимге катышуусу үчүн системаларды киргизүү;

ü Жаштар стажировкалары — жергиликтүү башкарууга жаштарды тартуу.

 

6. Үй-бүлөнү колдоо жана социалдык адилеттүүлүк

  • Жаш үй-бүлөлөргө жана билим, туризм, медицина кызматкерлерине социалдык ипотека;
  • Көп балалуу үй-бүлөлөргө турак жай субсидиялары;
  • Ар бир айыл аймагында балдар борборлору: клуб, спорт, чыгармачылык;
  • Үй-бүлөнү бекемдөө жана зордук-зомбулукту алдын алуу:
    үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө;
    • “Зомбулуксуз жашоо маданияты” сабактарын мектептерде киргизүү;
    • жергиликтүү коомчулуктун катышуусу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Урматтуу шайлоочулар!

Биз биргеликте экономика, билим берүү, саламаттык сактоо, экология жана айыл чарба өнүктүрүүгө иштейбиз.

Сиздердин ишенимиңиздер — менин жоопкерчилигим!
Сиздердин колдооңуздар — биздин жалпы келечек!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына

№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер

Мамасадыков Замирбек Дуйшалыевич