АСАНОВ УЛАНБЕК ЖАЛАЛОВИЧ
Мен, Асанов Уланбек Жалалович, 1970-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда туулгам. Улутум кыргыз, Кыргыз Республикасынын жаранымын. Үй-бүлөм бар, беш баланы атасымын.
Орто билимди туулган аймакта алгам. 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин “экономист” адистиги боюнча аяктагам. 2000-жылы “юрист” квалификациясына ээ болуп, ошол эле университетте экинчи жогорку билимди алгам. Эмгек ишмердигимде квалификацияны жогорулатуудан, анын ичинде адам ресурстарын башкаруу боюнча адистештирилген курстан өткөм. Кыргыз жана орус тилдерин билем. Мага мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чени ыйгарылган.
Эмгек жолумду 1993-жылы Макарон-кондитердик фабрикада экономист кызматында баштагам. 1994-1995-жылдары “Кыргызагроминитехпром” МКӨБга жетектөөчү инженер кызматына дайындалгам. 1995-жылдын мартынан 1998-жылдын августуна чейин Ош электр тармактары ишканасында инженердин милдетин аткаргам. Андан ары 1998-2001-жылдары “Кыргызэнерго” АКда тышкы байланыштар бөлүмүнүн инженери кызматында кесиптик жолумду уланткам.
2001-жылдын октябрынан тартып “Ошэлектро” АКга өткөм, бул жерде автоматташтырылган башкаруу системасынын начальниги, андан кийин – башкы директордун орун басары (2002-2003-жылдар) кызматында иштегем. 2003-жылдын июлунан тартып Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана энергетика маселелери боюнча түз инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын кеңешчиси кызматын ээлегем.
2004-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратында Премьер-министрдин Аппаратынын жетекчисинин – Кыргыз Республикасынын министринин жардамчысы болуп иштегем. Андан кийин 2005-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басарынын жардамчысы кызматында ишмердигимди уланткам.
2008-2009-жылдары Башкы дирекциянын орун басары рангында “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын аппаратынын жетекчиси кызматын ээлегем. 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда жумушка киришкем, бул жерде Окуу-методикалык борбордун директорунун орун басары кызматына бекитилгем, андан кийин Төраганын кеңешчиси болуп дайындалгам, ал эми 2010-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Аппарат жетекчиси кызматын ээлегем.
2013-2021-жылдары Социалдык фонддун Төрагасынын орун басары, ал эми 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Төрагасы болуп дайындалгам.
2021-2022-жылдары Кыргыз Республикасынын инвестиция министринин орун басары кызматында иштегем. 2023-2024-жылдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Директорлор кеңешинин курамына киргем.
2025-жылдын январынан тартып “Виртуалдык активдердин эмитенти” ачык акционердик коомунун Директорлор кеңешинин төрагасымын.
Көп жылдык эмгегим үчүн бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар, анын ичинде “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун мыктысы” наамы, “Евразия экономикалык бирлигин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” медалы, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасынын ыраазычылык каты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, ошондой эле “Кыргызстандын Банктар бирлигинин мыктысы” наамы менен сыйлангам.
Жергиликтүү кеңештин же Жогорку Кеңештин депутаты эмесмин.