Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер

Асанов Уланбек Жалаловичтин программасы

 

1.                                           Айылдардын                инфраструктурасын         өнүктүрүү:     суу,     электр энергиясы, жолдор

Региондордогу жашоо шарттарын жакшыртуу башкы приоритет.

Негизги иштер:

  • Элеттеги таза ичүүчү суу жана электр энергиясы
  • Айылдык жолдорду куруу жана оңдоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу мамлекет менен.

2.                  Айылдарды көрктөндүрүү жана социалдык өнүктүрүү

Калктын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн коомдук мейкиндиктерди жана билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

Негизги чаралар:

  • Айылдарда балдар аянтчаларын, эс алуу зоналарын жана чакан парктарды куруу.
  • Калктын бардык катмарлары үчүн жеткиликтүү социалдык курстарды ачуу.
  • Жергиликтүү эмгек рыногуна талап кылынган универсал кадрларды даярдоо жана чакан ишкердикти өнүктүрүү.

3.                  Саламаттыкты сактоо: элдин ден соолугу башкы байлык

Аймактык деңгээлде сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн саламаттыкты сактоо тутумун чыңдоо.

Негизги чаралар:

  • Айылдык оорукана жана ФАПтарды заманбап медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу.
  • Медициналык кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу жана жагымдуу маяна системасын түзүү.
  • Алыскы айылдарда медициналык пункттарды кеңейтүү.

4.                  Спортту өнүктүрүү жана жаштарды колдоо

Ден соолугу чың, активдүү жаш муун өлкөнүн келечеги.

Негизги чаралар:

  • Айылдарда жана райондордо спорт аянтчаларын, стадион жана спорт залдарын куруу үчүн инвесторлорду тартуу.
  • Массанын спорту үчүн шарт түзүү, балдар жана өспүрүмдөр секцияларын өнүктүрүү.
  • Улуттук жана      заманбап    спорт       түрлөрүн         колдоо аркылуу жоопкерчиликтүү жана дени сак жаш муунду тарбиялоо.

 

 

Урматтоо менен, Уланбек Асанов

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер