Мен, Мацаков Бакыт Калбаевич, 1989-жылдын 1-июнунда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда төрөлгөм.
Үй-бүлөлүк абалым: 2009-жылдан бери үйлөнгөм, бир кызым жана эки уулум бар.
2008–2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү жана ишкердик институтун «Менеджмент, муниципалдык башкаруу» адистиги боюнча аяктап, жогорку билимге ээ болдум.
2011–2012-жылдары МТУ №5те уюштуруучулук жана социалдык маселелер боюнча башкы адис болуп иштедим.
2012–2013-жылдары Бишкек шаарынын мэриясына караштуу МТУ №5те башчынын орун басары кызматын аркалап, башкаруу, жарандарды кабыл алуу жана турак жай-коммуналдык маселелерди чечүү багыттарын көзөмөлдөдүм. Мэрияда иштөө мезгилинде калктын муктаждыктарын практикалык жактан терең түшүндүм. Эгерде бул багытта иш алып барууга мүмкүнчүлүк берилсе, бардык күч-аракетимди жумшап, жогорку жоопкерчилик менен иштөөгө даярмын.
2013–2014-жылдары «СУЛТАН» комплексинде администратор болуп иштеп, ижара келишимдери, көзөмөл жүргүзүү жана бизнести ачуу иштерине жооптуу болдум.
Жетишкендик: комплекстин кирешеси 30%га жогорулаган.
2014–2016-жылдары ОсОО «АЛМЕК» компаниясында бренд-менеджер болуп иштеп, продукцияны рынокко жана ар түрдүү сегменттерге чыгаруу, соода түйүндөрү менен келишим түзүү иштерин жүргүздүм.
Жетишкендиктер: компаниянын кирешеси 60%га өстү, кызматкерлер үчүн бизнес-тренингдерди ийгиликтүү өткөрдүм.
2017–2019-жылдары ОсОО «НЕМАН-ФАРМ» компаниясында медициналык жабдуулар бөлүмүнүн башкы адиси болуп иштеп, медициналык жабдууларды жеткирүүчүлөрдү издөө, келишимдерди түзүү, жүктөрдү жеткирүү жана сатуу анализи менен алектендим.
2025-жылдан бүгүнкү күнгө чейин ОсОО «БОУЛ» компаниясында директор кызматында иштеп келем.
Кошумча билим берүү жана тренингдер:
USAID / OTI долбоорунун алкагындагы «Башкаруу мектеби» окуу курстары, мамлекеттик мекемелерде иш кагаздарын жүргүзүү боюнча курстар, ошондой эле тилдик жана кесиптик курстар.