№ 13 көп мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мацаков Бакыт Калбаевичтин шайлоо алдындагы

ПРОГРАММАСЫ

 

Мен, Мацаков Бакыт Калбаевич, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине биздин округдун ар бир жашоочусунун үнүн парламент трибунасынан угузуу максатында баратам. Менин негизги милдетим – ар бир тургундун жашоосун жакшыртып, айылдардын жана шаарлардын инфраструктурасын өнүктүрүү, жумуш орундарын түзүү менен бирге социалдык жана медициналык колдоону күчөтүү болуп саналат. Бул багыттарда эл менен аткаруу бийлигинин ортосундагы көпүрөлүк милдетти аткарып, ар бир маселени көтөрүүнү жана анын аткарылуусун көзөмөлдөөнү колго алам. Мен элдин көйгөйүн билем жана аларды чечүү үчүн талыкпастан эмгектенем.

 

Менин программалык багыттарым

 

  1. Экономика, аймактык өнүгүү жана айыл чарба

- Ички жана тышкы инвестицияларды тартуу аркылуу кичи цехтерди түзүү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү долбоорлорун колдоо жаңы жумуш орундарын камсыздайт;

- Айыл чарба продукциясын, өзгөчө, жаңгак, жашылча, сүт азыктарын кайра иштетүүчү чакан ишканаларды ачып, экспортко чыгаруу маселесин чечүү;

- Ар бир айылды таза суу менен камсыздап, сугат суу тартыштыгынан арылуу үчүн суу сактагычтарды куруп, ички дарыяларга насостук станцияларды орнотуунун негизинде кайрак жерлерди өздөштүрүү;

- Туризмди илгерилетүү максатында туристтик инфраструктураны жакшыртып, интернет, медиа, маалыматтык кампанияларды активдүү жүргүзүү зарыл.

 

  1. Билим берүү жана жаштар саясаты

- Мектептерди  интернет, заманбап окуу куралдары жана спорттук жабдуулар менен камсыздоо;

- Жаштар үчүн IT, маркетинг жана башка зарыл болгон жаңы кесиптер боюнча курстарды уюштуруу;

- Бала бакчалардын санын көбөйтүү;

- Билим, спорт жана маданиятты көтөрүүгө багытталган иш-чараларды уюштуруу керек.

 

  1. Саламаттык сактоо

- Медициналык кызматтарды тургундарга жеткиликтүү кылуу;

- Райондук ооруканаларды реконструкциялоо, заманбап жабдуулар менен камсыздоо;

- Балдар жана энелер, карылар үчүн арзандатылган дары-дармектер;

- ФАП жана биринчи жардам пункттарын көбөйтүү заман талабы.

 

  1. Экология, тазалык жана коопсуздук

- Санитардык полигондорду куруу жана таштандыларды, желим материалдарды кайра иштетүү;

- Жолдорду кеңейтүү, оңдоого муктаж болгон жолдорго асфальт төшөө жана коопсуздук чараларын күчөтүү;

- Милиция, жергиликтүү кеңеш жана айыл өкмөтүнүн түз байланышы менен коомдук тартипти чыңдоо;

- Жарыктандыруу, видеокамералар жана коомдук борборлор аркылуу жолдор жана мектептердин коопсуздугун камсыздоо абзел.

 

  1. Социалдык колдоо жана турак-жай

- Жаш үй-бүлөлөргө турак-жай жана насыя боюнча колдоо;

- Көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү;

- Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана оор турмуштук кырдаалга туш болгон жарандарга мамлекеттик деңгээлде жардам кылууну күчөтүү талапка ылайык.

 

Мен бул шайлоо алдындагы программамда көрсөтүлгөн ар бир маселеге олуттуу көңүл буруу менен иш алып барам. Биздин округга караган Базар-Коргон, Ноокен райондору, Кочкор-Ата, Майлуу-Суу шаарлары жана Арстанбап сыяктуу кереметтүү айылдарыбыздын күчтүү, гүлдөп-өнүккөн жана коопсуз болушу үчүн бардык күчүмдү жумшайм. Айтылган сөздөрдү аткарылган иштер менен далилдейм.