МАМАТАЕВ ЭРКИНБЕК САДИРБЕКОВИЧ
Маматаев Эркинбек Садирбекович Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Бүргөндү айылында 1972-жылдын 23-январында жарык дүйнөгө келгем. Улутум кыргыз, эки жогорку билимим бар. 1979-жылы М.Молдалиев атындагы №18 орто мектебине кирип, 1989-жылы аталган мектепти ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылы Бишкек шаарындагы К.И.Скрябина атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун зооветеринардык факультетине окууга өтүп, 1993-жылы бүтүрүп, ветеринардык врач адистигине ээ болдум. 1994-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетинин юридикалык факультетине тапшырып, 1997-жылы аяктап “Юрисприденция” адистигине ээ болдум.