МАМАТАЕВ ЭРКИНБЕК САДИРБЕКОВИЧТИН 2026–2030-ЖЫЛДАРГА ДЕПУТАТТЫК ПРОГРАММАСЫ
Урматтуу Ноокен жана Базар-Коргон райондорунун тургундары!
Мен, Маматаев Эркинбек Садирбекович, 2026–2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкерлигимди коюп жатам. Менин максатым – биздин Ноокен жана Базар-Коргон райондорубуздун, жарандарыбыздын турмушун өркүндөтүү, экономиканы чыңдоо, миграция көйгөйүн азайтуу жана туризмди өнүктүрүү аркылуу элге реалдуу жыйынтык берүү.
ПРОГРАММАНЫН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ
1. Экономика
- Ноокен жана Базар-Коргон райондорунда жана тегерек аймактарда чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү.
• Айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн фермерлерге арзан насыя жана субсидиялар берүү.
• Жергиликтүү өндүрүштү колдоп, экспортко багытталган ишканаларды түзүү.
Мал чарбачылыгында асыл тукумду өнүктүрүүгө жана жасалма жол менен уруктандырууну колго алуу.
Азыркы мезгилдин талабына ылайык ветеринарияны өнүктүрүү.
• Жаштар үчүн жаңы жумуш орундарын ачуу жана стартап долбоорлорду өнүктүрүү.
2. Миграция
- Эмгек миграциясына кеткен жарандарга укуктук жана социалдык колдоо көрсөтүү.
• Мигранттардын үй-бүлөөлөрү жана балдары үчүн атайын социалдык программаларды ишке ашыруу.
• Кыргызстанда иш орундарын түзүп, жарандардын четке кетүүсүн азайтуу.
• Мигранттардын тажрыйбасын жана каражаттарын өлкө экономикасына кайра багыттоо.
3. Туризм
- Ноокен жана Базар-Коргон райондорунун тарыхый жана маданий жайларын туристтик багытка айлантуу.
• Туризм инфраструктурасын жакшыртуу: жолдор, мейманканалар, тейлөө кызматтары.
• Жергиликтүү калкты туризм аркылуу кошумча киреше табууга үндөө.
• Эл аралык деңгээлдеги фестивалдар жана маданий иш-чараларды өткөрүү.
4. Коомдук өнүгүү жана социалдык жоопкерчилик
- Билим берүү жана медицина тармагына колдоо көрсөтүү.
• Жаштардын демилгелерин колдоо жана спортту өнүктүрүү.
Аялдардын коомдук турмушка активдүү катышуусуна шарт түзүү.
• Ар бир жаранга адилеттик жана мүмкүнчүлүк жаратуу.
- Майлуу-Суу өрөөнүндөгү Ок-Саларга суу сактагыч мини гэс менен кошо куруу, инвестиция тартуу. Бизде суу 2 ай тартыш болот. Жазында пайдасы жок эле Өзбекстанга агып кеткен сууну өзүбүздө сактап керек учурда өзүбуз пайдаланышыбыз керек. Кочкор-Ата шаарында көчөлөрдө суу агып турса жашыл шаарга айланып кетмек. Керек болсо Кочкор-Ата шаарына Майлуу-Суу дарыясынан ичүүчү суу тартуу керек. Кочкор-Ата шаарына ичүүчү сууну сактап, тазалай турган суу кампа куруу керек. Шаарда ичүүчу сууну график менен эмес, дайыма бар болуусуна жетишүү керек.
- Кочкор-Ата шаарынын жана Момбеков айыл аймагынын аянтын токой чарбанын жерлеринин ордуна мамлекеттик запастагы жерлерден алмаштырып кеңейтүү зарыл. Кеңейтүүнүн эсебинен турак жай маселесин чечүү керек.
7.Жайлоонун жолдорун оңдоп, жаңы жолдорду талапка жооп бере тургандай куруу керек.
8.Биздин жерлерибиз мөмөлүү дарактар өскөнгө ыңгайлуу болгон мүмкүнчулүктү пайдаланып мисте, бадам жана жаңгак дарактарын көбөйтүү керек. Көк-Таштын южный көчөсүнөн Майлуу-Суу дарыясынан Таргыл колотуна суу тартып тамчылатып сугарууну пайдаланыш керек.
9.Кайра иштетүүнү колго алуубуз керек. Терини кайра иштетүүчу завод зарыл бизге. Ачуу бадамды, мистени кайра иштетүү керек.
- Ок-Саларга суу сактагыч курулса Майлуу-Суу шаарынын эли дагы таза суу ичишет.
11.Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга борборлорду ачуу. Аларга кичи ишкерликти жүргүзүүгө шарттарды түзүү.
12.Климаттын өзгөргөнүнө байланыштуу суугат суу менен камсыздоо багытында суу сактыгычтарга долбоорлорду даярдоо.
13.Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун суугат суу менен камсыз кылуу үчүн Шайдан сайынын суусунан Кара-Казык, Гөлөгөн участкасынын баш жагына суу тосмо куруп, долбоор даярдоо.
Менин ишенимим – биргелешкен аракет менен Ноокен жана Базар-Коргон райондорун өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыгара алабыз. Ар бир жарандын үнү угулган, эмгеги бааланган жана жашоосу жакшырган өлкө куруу – бул менин негизги максатым.
Урматым менен,
Маматаев Эркинбек Садирбекович, Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер (2026–2030ж.).