Саясий партиянын кыскача аталышы: “Азаттык” саясий партиясы

ИИН 02405201010189,

ЮЖБР кирүү датасы: 24.05.2010 жыл.

Саясий партиянын түзүлүшү: Уюштуруу курултайы.

Уставдын кабыл алынган датасы: 19.08.2015 жыл.

Мамлекеттик каттоодон өткөн аймактык өкүлчүлүктөрү: Жок.

Туруктуу коллегиалдуу башкаруу органы: Саясий кенеш

«АЗАТТЫК» «ДЕМОКРАТИЯЛЫК ПАРТИЯСЫ”  САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ

Байланыш маалыматтары:  0701720016

Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Воронеж көчөсү - 32

Байланыш телефону:  0701720016

Коомдук кабылдама: 0705 535689

Интернеттеги байланыш тармактары:

https://m.facebook.com/%D0%90%D0%B7%D0%B0%D1%82%D1%82%D1%8B%D0%BA-%D0%BF%D0%B0%D1%80%D1%82%D0%B8%D1%8F%D1%81%D1%8B-190857325090910/

Генерал, саясый жана коомдук ишмер Исаков Исмаил Исакович Кыргызстандын коргоо министри, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эки чакырылышынын депутаты, Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматтарын аркалаган. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөттүнүн мүчөсү.

Саясий партиянын программасы (баяндоо):

Кыргызстандын ар бир жаранынын ишеними-биз үчүн зор жоопкерчилик. Биздин максат, ар бир жарандын жыргалчылыгын, алардын коопсуздугун камсыз кылуу, жашоо-турмушунун сапатын жогорулатуу жана коомдун ынтымагын бекемдөө ошондой эле
өлкөнү туруктуу .өнүктүрүү.
Жогорудагы максаттарды ишке ашыруунун алкагында “Азаттык”
партиясы үчүн төмөнкү багыттар артыкчылыктуу болуп саналат
• Мыйзамдын диктатурасын орнотууну;
• Социалдык кепилдиктерди калыбына келтирүү, калктын бардык
катмарынын эмгекке жөндөмдүүлүгүн пайдаланууга шарт түзүү, акысыз
билим берүү жана медициналык тейлөөнү;
• Медицина, билим берүү, илим, маданият жана искусствого мамлекеттик колдоону көрсөтүүнү;
• Эне жана баланы коргоону, көп балалуу үй-бүлөгө социалдык камсыздоону көрсөтүүнү, мектеп жашына чейинки мекемелерди өнүктүрүүнү;
• Айлык акыны, пенсия-пособияны, баанын өсүшүнө жана инфляцияга жараша индексациялоону;
• Аз камсыз болгон жарандардын жашоо деңгээлин төмөн түшүрбөгөндөй эмгек акы жана орточо пенсия менен камсыз кылууну;
• Социалдык турак-жайларды куруу жана коммуналдык чарбаны
колдоо үчүн жеткиликтүү ипотекалык күрөөнү өнүктүрүүнү;
• Жагымдуу экологиялык чөйрөнү сактоону жана жаратылышка аяр
мамиле кылууну;
• Ар бир жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоону, этностор жана конфессиялар аралык ынтымакты камсыз кылууну.

  • “Азаттык” партиясы адамдардын укуктарын, сөз эркиндиктерин чектөөгө багытталган, элдин турмушунун начарлашына алып келген жана улуттук кызыкчылыгын коргобогон мыйзамдарды жана келишимдерди колдоого албайт жана каршы.

Жетекчилик органдары жана түзүмү боюнча маалымат

Партиянын Саясый кеңешинин төрагасы: Исаков Исмаил Исакович

Саясий партиянын шайлоо өнөктүгүнө катышуусу: 2010-жылы СДПК партиясы менен саясий келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине болгон шайлоого;

2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине болгон шайлоо катышкан.