«Азаттык»демократиялык партиясынын

шайлоо алдындагы

ПЛАТФОРМАСЫ

Кыргызстандын ар бир жаранынын ишеними-биз үчүн зор жоопкерчилик. Биздин саясий жана моралдык милдет, ар бир жарандын жыргалчылыгын, алардын коопсуздугун камсыз кылуу, жашоо-турмушунун сапатын жогорулатуу жана коомдун ынтымагын бекемдєє ошондой эле өлкөнү туруктуу өнүктүрүү.

Максаттар:

  • Мыйзамдын диктатурасын орнотууну;
  • Социалдык кепилдиктерди калыбына келтирүү, калктын бардык катмарынын эмгекке жөндөмдүүлүгүн пайдаланууга шарт түзүү, акысыз билим берүү жана медициналык тейлөөнү;
  • Медицина, билим берүү, илим, маданият жана искусствого мамлекеттик колдоону көрсөтүүнү;
  • Эне жана баланы коргоону, кєп балалуу үй-бүлөгө социалдык камсыздоону көрсөтүүнү, мектеп жашына чейинки мекемелерди өнүктүрүүнү;
  • Айлык акыны, пенсия-пособияны, баанын өсүшүнө жана инфляцияга жараша индексациялоону;
  • Аз камсыз болгон жарандардын жашоо деңгээлин төмөн түшүрбөгөндөй эмгек акы жана орточо пенсия менен камсыз кылууну;
  • Социалдык турак-жайларды куруу жана коммуналдык чарбаны колдоо үчүн жеткиликтүү ипотекалык күрөөнү өнүктүрүүнү;
  • Жагымдуу экологиялык чөйрөнү сактоону жана жаратылышка аяр мамиле кылууну;

“Азаттык” партиясы төмөнкү багыттарды көздөгөн жана камсыз кылган мыйзамдардын долбоорлорун демилгелейт жана колдойт:

  • Жалпы элдик бийликти калыбына келтирүүнү ишке ашырган. Кыргызстанда мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы эл болуп саналат, а бирок, чындыгында бийлик финансалык-олигархтардын колунда. Алар акчанын күчү менен “катар” тизилишип кайрадан парламентке келүү аракетинде;
  • Сот бийлигинин көз карандысыздыгын реалдуу түрдө жүзөөгө ашырууну камсыз кылган;
  • Күч структураларын реформалоону камтыган. Күч структуралары бийликти сактап калуунун жана менчикти бөлүштүрүүнүн коргоочусу жана куралы эмес тескерисинче алар реалдуу түрдө жарандардын гана коргоочусу болгонго биз, бардык аракеттерди жумшайбыз;
  • Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын жана элдердин улуттар аралык достук мамилелерин нак чыңдоосун жана өркүндөтүүсүн камтыган;
  • Жаштардын келечегине жана кызыкчылыгына багытталган мамлекеттик саясатты алып барган;
  • Жарандардын укуктарын жана гендердик тең укуктуулукту (аял затынын өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыра ала турган) сактоону камтыган;
  • Массалык-маалымат каражаттарынын кєз карандысыздыгын, сөз эркиндигин жана дин тутутумдардын эркиндигин камсыз кылган.

Албетте, өлкөнүн келечеги зор - бай жаратылыш ресурстарыбыз, жетиштүү экономикалык потенциалыбыз, эң негизгиси эмгекти сүйгөн калкыбыз бар. Тилеке каршы, мамлекеттик бийлик органдарындагы төмөндөн жогорудагы рак сыяктуу коррупциялык жугуштуу илдет, өлкөдөгү бардык жакшы көрүнүштөрдү жокко чыгарды. Ошондуктан, коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүдө, негизинен ченемдик укуктук актыларда бекитилип калган коррупциянын түйүндөрүн жокко чыгаруу зарыл. Бул оңой эмес, бирок, аны баштоо керек.