Саясий партиянын кыскартылган аталышы: «Бир Бол» СП

Юридикалык жактардын бирдиктүү реестрине

киргизилген күнү: 2014-жыл, 26-февраль

Саясий партияны түзүү ыкмасы: Уюштуруу Съездин өткөрүү жолу менен

Устав кабыл алынган күн: 2014-жыл, 27-январь

Катталган аймактык бөлүмдөрдүн саны:

Туруктуу иш алып барган коллегиялык

жетектөөчү орган: Саясий кеңеш

 

«Бир Бол» мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясы

 

Байланыш үчүн маалыматтар:

Дареги: Бишкек ш., Раззаков көч., 7/2

Телефондору: (0312) 300075

Коомдук кабылдама:

Интернет түйүнүндөгү байланыш

Расмий сайт:  www.birbol.kg

Саясий партиянын төрагасы: (лидердин кыска өмүр баяны)

Сулайманов Алтынбек Турдубаевич

Адамдарды ынтымакка жана биримдикке чакырган “Бир Бол” партиясынын негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3 жолку чакырылышынын депутаты.

2007-жылы эл ишенимине ээ болуп, төртүнчү чакырылыштын депутаты болгон. Парламенттеги ишмердиги учурунда Сулайманов бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасынын орун басары болгон.

2010-жылы кайрадан шайлоого катышып 5-чакырылыштын депутаттыгына шайланган, депутаттыктын 5 жылында фракцияны жетектеген.

2015-жылы ал негиздеген “Бир Бол” партиясы элдин колдоосуна ээ болгон. Учурда эл өкүлү негизги максатын ишке ашырууда – ал элдин үнүн жана тилегин угуп, шайлоочулардын  ишеними менен үмүтүн актоо аркылуу кызмат кылуу. 

Сулайманов 3 жогорку билимдин ээси. Биринчи билими – Ж.Баласагын атындагы КУУнун юридикалык факультети, андан соң М.Абышев атындагы ОшТУнун экономика факультетин аяктаган. Үчүнчү жогорку билимди Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академияда алып, “Эл аралык мамилелер” багытын аяктаган. 

Чыныгы патриот катары Советтик Армиянын катарында аскердик милдетин өтөгөн.

2009-жылы Кыргыз Ресупбликасынын Ардак грамотасы, 2010-жылы КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ардак грамотасы жана Кыргыз Ресупбликасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын “Достук” мамлекеттик ордени менен сыйланган. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. 

Сулайманов Алтынбек Турдубаевич чоң тажрыйбасы бар, туура максаттарды койгон жана өз ишине жоопкерчиликтүү жана тактык менен мамиле жасаган эл өкүлү. Эл тарабында болуп, кумар оюндарына тыюу салуу (казинолорду жабуу), “Кумтөрдү” улутташтыруу сыяктуу мамлекет үчүн маанилүү маселелерди чечүүдө өз позициясын чечкиндүү жана так билдире алган. 

Мындан сырткары, өлкө үчүн маанилүу болгон “Ачык асман”, “Уран кендерин иштетүүгө тыюу салуу” жөнүндө Мыйзамдардын демилгечиси болгон.

 

Саясий партиянын максаты жана тапшырмалары: (баяндоо)

Партиянын миссиясы: Бийлик ар бир чечиминин жоопкерчилигин сезген, калк болсо бийликтин натыйжалуу чечимдерине таасир эте ала турганын түшүнгөн – бийлик менен коомчулуктун ортосунда ишенимдүү мамилени түптөө.

Тапшырмалары:

  1. Бийликтин аракеттери калк тарабынан көзөмөлгө алынган, бийлик калкка карата жогорку деңгээлде жоопкерчилик сезген, калктын болсо бийлик институттарын коомдук институттар аркылуу контролдоо укугу бар болгон мамлекетти башкарууну орнотуу.
  2. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча реалдуу иштеген программа даярдоо жана аны толугу менен пландуу ишке ашыруу үчүн конкреттүү индикаторлор менен баалоо жана ишке ашуусун мүмкүн болушунча ачык талкуулоо.
  3. Бакубат жана коопсуз өлкөдө жашоо үчүн позитивдүү өзгөрүүлөрдү жасай турган компетенттүү адамдарды бириктирүү жана аларга биргеликте иштей турган шарт түзүү.
  4. Эл өкүлдөрү калктын жана өлкөнүн кызыкчылыгына иштеши үчүн парламенттик демократия принциби иштеп, бийлик менен калктын ортосундагы ажырымды жоюу. Өкмөт менен бирге мамлекеттик программаларды аткарууга жоопкерчилик алуу.
  5. Идеология жана өнүгүү саясаты демократиялык максат жана баалуулуктар менен айкалышкан Кыргыз Республикасы дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылышы үчүн улуттук кызыкчылыкка негизделген ачык-айкын тышкы саясат жүргүзүү.

 

Жетектөөчү органдар жана структуралар жөнүндө маалыматтар (баяндоо жана фото)

Партиянын Съезди

Партиянын Саясий кеңеши

Партиянын Ревизиялык комиссиясы

Партиянын Аткаруу комитети

Партиянын Аймактык жана Баштапкы  бөлүмдөрү

 

Саясий партиянын жаштар уюму (баяндоо жана сүрөт)

"Бир Бол" саясий партиясынын жаштар канаты республика боюнча жаш жана прогрессивдүү лидерлерден турат. Партиянын жаштар канатынын мүчөлөрүнүн 70%ы чет элдик эң мыкты ЖОЖдорду аякташкан. Алардын көбү азыр өлкө боюнча жаңы жумуш орундарын түзгөн ийгиликтүү ишкерлер болуп эсептелишет.

«Бир Бол» СП жаштар канатынын лидери - Нурсултан Кубанов.

«Perspective» билим берүү борборлор түйүнүн негиздеген.  Кыргызстандагы Ишкерлердин эл аралык Ассоциациясынын өкүлү. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин экс-кеңешчиси. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы жаштар Конгрессинин координатору.

2016-жылы Кыргызстан боюнча ошондой эле, Алматы, Ташкент жана Москвада  билим берүү борборлорунун түйүнүн негиздеген. Ал борборлордо 2000 студент жана мектеп окуучулары билим алышты. Анын колдоосу менен Кыргызстандын 100 студенти Япония, Малазия, Германия, Чехия, Польша жана Кытайдын алдыңкы университеттерине өтүшкөн.

2019-жылы Ош жана Каракол шаарларында IT-академияларынын түйүнүн ачкан. 2020-жылдын ноябрь айында Cyberteck Америкалык системасы боюнча Бишкекте инновациялык IT  HUB ачууну пландоодо.

Нурсултан Кубанов 20дан ашык өлкөдө болуп алдыңкы өлкөлөрдүн билим берүү системаларын талдаган. Студенттерди жана окуучуларды окууга жөнөтүү үчүн дүйнөнүн алдыңкы ЖОЖдору менен келишим түзгөн.