«БИР БОЛ» САЯСИЙ ПАРТИЯСЫНЫН СТРАТЕГИЯЛЫК

ПЛАТФОРМАСЫ

 УРМАТТУУ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР!

2020-жыл ар бир жарандын эрктүүлүгүн сынап жатат. Пандемия биздин мамлекеттик башкаруу системабыз натыйжасыз экенин жана өлкөбүз түп-тамырынан бери өзгөртө турган реформага муктаж экенин көрсөттү. Биздин партия олуттуу трансформация жасады жана толугу менен жаңыланды. Биз – жоопкерчиликтүү лидерлердин партиясыбыз жана шайлоого Жогорку Кеңешке негиздүү өзгөртүүлөргө, Кыргызстанга кызмат кылууга жана өзүнүн шайлоочуларынын кызыкчылыктарын коргоого даяр кризис-менеджерлер, жаңы, компетенттүү адамдар келиши үчүн бара жатабыз.

КӨЗ КАРАШ:

КЫРГЫЗСТАН – бул:

  • Социалдык багыттагы, укуктук, демократиялык, светтик мамлекет.
  • Бирдей укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон эркин жарандардын өлкөсү.
  • Адам, анын жашоосу, ден соолугу, кадыр-баркы, укуктары жана эркиндиктери эң жогорку баалуулукка ээ болгон өлкө.
  • Бизнес жүргүзүү үчүн мыкты шарттары бар, креативдүү экономиканын, инновациялардын өлкөсү.
  • Жарандары келечекке ишенимдүү караган өлкө.

МИССИЯСЫ:

Эл үчүн ишенимдүү таяныч болуу жана өкмөт менен коомдун ортосунда ишенимдүү карымкатыштын системасын куруу, анда жарандар кабыл алынган чечимдердин натыйжалуулугуна таасир эте алышат, ал эми өкмөт бардык чечимдер үчүн толук жоопкерчиликти алат.

БААЛУУЛУКТАРЫ:

Демократия, жарандардын саламаттыгы жана жыргалчылыгы, сөз эркиндиги жана жарандык тилектештик, бирдей мүмкүнчүлүктөр, экологиялык туруктуулук жана кыргыздын баалуулуктарын сактоо.

ПРИНЦИПТЕРИ:

Саясий чөйрөнү бийликтин бардык деңгээлинде өз ишин мыкты билген адистер менен жаңыртуу.

Билимге, инновацияга жана айлана-чөйрөнү коргоого негизделген прогрессивдүү өнүгүү.

Жарандардын жана коомдун алдында президенттин, Жогорку Кеңештин жоопкерчиликтүүлүгү.

МАКСАТТАРЫ:

 Бийлик менен элдин ортосундагы ажырымды жоюу. 

Жарандарга отчёт берүүчү мамлекеттик башкаруу системасын түзүү.

 Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн натыйжалуу  программаларын иштеп чыгуу жана аны жүзөгө ашырууга жетишүү.

 Тынчтыктын жана коопсуздуктун глобалдык экосистемасында ишенимдүү өнөктөш, демократиялык принциптердин жана баалуулуктардын өлкөсү катары  улуттук кызыкчылыктарга негизделген ачык тышкы саясатты илгерилетүү.

 МИЛДЕТТЕРИ:

 2025-жылга карата Дүйнөлүк банктын «Doing Business» рейтингинде  алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кошулуу.

 ИДПны 2 эсеге көбөйтүү жана өлкөнүн бюджетинин тартыштыгын 3%га чейин кыскартуу;  Экономикада чакан жана орто бизнестин үлүшүн 70%га чейин жеткирүү.

 Мамлекеттик аппаратка сарпталган чыгымдарды 70%га кыскартуу.

 Медицина кызматкерлеринин, окутуучулардын жана  мугалимдердин айлык акысын эки эсе жогорулатуу.

 Тынчтыкты сүйүү индекси боюнча, дүйнөдөгү эң коопсуз 50 өлкөнүн катарына кошулуу.

 Инновациялардын дүйнөлүк глобалдык рейтингинде рейтингди 20 позицияга көтөрүү.

 Бул милдеттерге төмөнкү багыттарды күчөтүү менен жетебиз.

I. ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ

  1. Эффективдүү мамлекеттик башкаруу
  • Сапаттуу билим берүү жана маданиятты өстүрүү
  1. Сапаттуу жана жеткиликтүү саламаттыкты сактоо
  2. Экологиялык коопсуздук жана жашыл экономика

Бул багыттардагы баарына тиешелүү темалар төмөнкүлөр:

  1. Мыйзамдын үстөмдүгү
  2. Адам укуктары жана гендердик теңчилдик

    ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ
    Коррупциянын айынан Кыргызстан жыл сайын 700 миллион доллар жоготот. 5 жыл ичинде бул сумма туура башкаруунун аркасында бюджетке кошумча 3,5 миллиард доллар алып келиши мүмкүн. Ресурстарды туура башкаруунун аркасында биз өлкөнүн бюджетин эң аз дегенде 2 эсеге көбөйтө алабыз. Биз эркин, атаандаш рынокту жана жеке ишкердикти өнүктүрүүнү жактайбыз.

БИР ҮЙ-БҮЛӨ – БИР ИШКЕР

 Биз фискалдык отчёттуулук системасын жөнөкөйлөтүп, текшерүүчү органдардын санын минимумга чейин кыскартабыз.

 Каржы полициясын жоюп, салык жана бажы кызматтарын  Мамлекеттик кирешелер комитетине бириктиребиз.

 Фискалдык реформа жүргүзөбүз.

 Социалдык төлөмдөрдү 27,5%дан15%га чейин кыскартабыз.

 Кирешелерге эмес, чыгашалардын негизинде салык салууну киргизебиз.

 Жылына 8 миллион сомго чейин жүгүртүмү бар чакан  ишканаларды салыктардан жана патенттерден бошотобуз.

 Салык жана бажы процедураларын маалыматтык-текшерүү технологиялары жана электрондук декларациялар аркылуу санарип форматка толугу менен өткөрөбүз – 90 секунддун ичинде бажылык тариздөөнү (растаможка) жүргүзүүгө жетишебиз.

 5000 адамга чейин чакан калктуу конуштарга инвестиция салганда, биз ылайыктуу инвестициялык климатты түзөбүз жана 5 жылга чейин инвесторлорду салык төлөөдөн бошотобуз.

 Соода-өнөр жай палатасын өкмөттүн карамагынан чыгарып, анын көз  карандысыздыгын камсыз кылып, ага юридикалык жактарды каттоо боюнча  Юстиция министрлигинин функцияларын өткөрүп беребиз.

 

Кыргызстан – туризмдин бейиши

 Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу аэропортторду ишенимдүү кадыр-баркка ээ эл аралык компанияларга өткөрүп беребиз.

 Бүткүл өлкө боюнча “даараткана төңкөрүшүнөн” баштап татыктуу инфраструктураны түзөбүз.

 Туристтик максаттардагы эл аралык акча которууларга КНС кызматын жоёбуз.

 Мейманкана, конок үйлөрү жана хостелдер үчүн кыймылсыз мүлк салыгын 1,6%дан 0,8%га чейин кыскартабыз.

II. ЭФФЕКТИВДҮҮ МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ

Партия төмөнкүдөй багыттарга артыкчылык берип, мамлекеттик башкаруу системасында түптамырынан бери реформа жүргүзүүнү көздөйт:

(а) административдик-территориалдык реформа

(в) мамлекеттик тейлөө концепцияларын өнүктүрүү

Бийликти региондорго кайтарабыз

 Райондорду чоңойтуп, облустарды жоюп, өкмөттүн аймактардагы туруктуу өкүлдөрүн жана акимдер институтун жок кылабыз. Айылдык кеңеш тарабынан шайланган  аймактык башчыны – “болуш” кызмат ордун киргизебиз.

 Бийликти борбордон алыстатабыз: билим берүү жана саламаттыкты сактоо жаатында жергиликтүү бюджетти түзүү ыйгарым укуктарын аймактарга өткөрүп беребиз.

 Региондордун бюджеттеги үлүшүн 12%дан 50%га чейин жогорулатабыз. Муну менен күчтүү региондор салыктарды өз алдынча чогултуп, өздөрү башкара алышат.

 Инвестициялык тендер өткөрүү ыйгарым укугун жергиликтүү бийликке өткөрүп беребиз.

 Айыл чарба министрлигин оптималдаштырабыз, аны инновацияларды киргизүүгө жана мелиорация, сугат маселелерине адистешкен эффективдүү компактуу органга айлантабыз (сугат жерлерин көбөйтүү).

 Айыл чарба кооперативдерин мамлекеттик колдоо программасын киргизебиз.

Элге тандоо укугун кайтарабыз

 Биз преференциалдык добуш берүүнү киргизебиз – шайлоочу бир гана партияны эмес, партиянын тизмесиндеги белгилүү бир талапкерди тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.  Шаар мэрлерин жарандар өздөрү шайлоо мүмкүнчүлүгүн түзөбүз.

Сервистик мамлекет

 Мамлекеттик органдардын функцияларына ар тараптуу анализ жүргүзүп, мамлекеттик чыгымдарды жана аппаратты оптималдаштырабыз.

 Мамлекеттик кызматтарга ачык тандоо критерийлери аркылуу ачык-айкын сынакты киргизебиз.

 Электрондук кол коюуну түзүп, мамлекеттик тейлөө  кызматтардын 70%ын онлайн режимге өткөрөбүз.

 Мамлекеттик органдардын чыгымдарынын ачыктыгын камсыз кылуу жана жарандык коом тарабынан көзөмөлдөө үчүн “Ачык өкмөт” платформасын колдойбуз.

 Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын УКМКдан чыгарып, мүчөлөрүн парламенттин оппозициялык блогу шайлаган коррупцияга каршы кеңеш түзөбүз.

III. БААРЫ ҮЧҮН АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА КООПСУЗДУК

 Сотторду тандоо кеңешин шайлоо жана талапкерлерди көрсөтүү процедураларын өзгөртөбүз.

 Жабык сотторду өткөрүүгө тыюу салабыз. Бардык процесстер  онлайн режиминде көрсөтүлүшү керек.

 Чек ара аймактарында принцип боюнча эркин экономикалык  аймактарды түзөбүз: “Согушпайбыз, соодалашабыз”.

IV. БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА МАДАНИЯТ

Сапаттуу билим берүү жана маданий өнүгүү – биздин партиянын социалдык саясатынын негизги артыкчылыгы. Өлкөнүн жана ар бир жарандын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү билимден көз каранды. Биз Кыргызстан PISA рейтингинде татыктуу орунду ээлеши үчүн билим берүүнүн сапатын жакшыртуунун жана мугалимдердин статусун мыкты эл аралык стандарттардын деңгээлине көтөрүүнүн үстүнөн иштейбиз.

Билимдүү улут – ийгиликтүү өлкө

 Биз “акча таланттуу окуучуну ээрчийт” принциби боюнча ваучердик каржылоо системасын киргизебиз, анда ар бир окуучу өзү тандаган мектепте же университетте билим алууга жумшай турган билим берүү ваучерин алат.

 Көзөмөлдөөчү кеңеш аркылуу ата-энелерге жана мугалимдерге мектеп директорлорун жеке өздөрү дайындаганга мүмкүнчүлүк беребиз.

 Англис тили жана программалоо сабактарын 1-класстан баштап киргизебиз.

 Өлкөдөгү бардык мектептерди интернет, канализация жана ысык суу менен камсыз кылабыз.

 Медициналык кызматкерлердин, мугалимдердин жана окутуучулардын  айлык акысын эки эсеге көтөрөбүз.

 Маданият жаатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк инвестицияларын тартабыз.

 Маданият жана искусство жаатындагы кесиптик билим берүүнү  колдоо менен маданий элитаны жандандырабыз.

 Кыргыз тилиндеги басмаканаларды салыктан бошотуу  менен тилди кеңири жайылтуу боюнча иш-чараларды күчөтөбүз.

  1. САПАТТУУ ЖАНА ЖЕТКИЛИКТҮҮ САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО!

Биздин өлкө саламаттыкты сактоо тармагына мамлекеттик бюджеттин 30%ын жумшайт,  бирок көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты мындан көп нерсени талап кылат.  Бизге саламаттыкты сактоо тармагында жаңы ачык башкаруу керек!

 Калктын аз камсыз болгон катмарын социалдык колдоо механизмдерин колдонуу менен милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасын киргизебиз.

 Алып сатарлык баалардын коюлушун алдын ала турган медициналык багыттагы  буюм-тайымдарды жана дары каражаттарын каттоонун бирдиктүү санариптик  платформасын киргизүү менен дары-дармектердин баш аламандыгын токтотобуз.

 Бейтапканалардын үчтөн бирин адилеттүү атаандаштыктын  негизинде жеке колго өткөрүп беребиз.

 Теория менен практиканы айкалыштыруу үчүн университеттердин  базасында университеттик клиникаларды өнүктүрүүгө шарт түзөбүз.

 Бардык документтерди электрондук форматка өткөрөбүз,  дарылардын максатсыз жазылышын токтотуучу электрондук рецепттерди киргизебиз.  Дарыгерлердин айлыгын жана социалдык пакеттерди 2 эсеге көбөйтөбүз.

VI. ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ЖАШЫЛ ЭКОНОМИКА

 “Жашыл” энергетиканы өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөбүз.

 Кызыл китепке кирген жаныбарларга аңчылыкка мораторий киргизебиз.

 Калктуу конуштардагы жашылдандырылган аянттарды коргоо  боюнча мыйзам долбоорун кабыл алабыз.

 Кыргызстанды пластиктен көз карандысыз кылабыз: пластик баштыктарды сатууга тыюу салабыз, пластиктерди тапшырууну стимулдаштыруучу механизмдерди киргизебиз.

 Өндүрүштүн экологиялык жоопкерчилигин жогорулатабыз  жана комплекстик экологиялык экспертиза жүргүзүүнү киргизебиз.

 «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү  жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизебиз.

 Биз тиричилик калдыктарын чогултуу жана кайра иштетүү системасын өзгөртөбүз жана таштандыларды кайра иштетүүчү заводдорду куруу үчүн МЖӨ линиясына шарттарды түзөбүз.

КОРУТУНДУ

“Бир Бол” партиясынын программасы биринчи кезекте жакынкы жана орто мөөнөттүү максаттарга жана реалдуу натыйжаларга жетүүгө багытталган.  Ишке ашыруу баскычындагы ар бир багыт жана сунуш кылынган чечим профессионалдык экспертизанын элегинен, коомдук талкуудан өтөт. Биздин программа эксперттердин жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн сунуштары, түзөтүүлөрү үчүн ачык, ошондой эле бул биздин партиянын бардык талапкерлеринин жамааттык иши болуп саналат.