Саясий партиянын аталышы: «Замандаш»;

ЮЖБРге киргизилен күнү: 2007-жылдын 19-январы;

С/П түзүү ыкмасы:

уставдын катталган күнү: 2018-жылдын 2-майы;

катталган аймактык бөлүмдөрдүн саны: 8;

дайыма иштеп турган жамааттык жетектөөчү орган: партиянын саясий кеңеши

 

«Замандаш» САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ

 

Байланыш үчүн маалыматтар

Дарек: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Жал-23 кичи р-ну, 28-үй;

Телефондор: 0509 71 00 15;

Коомдук кабылдама: 0509 71 00 15;

Интернет тармагындагы байланыш: 0509 71 00 15;

Расмий сайт: zamandash.kg

 

“Замандаш” саясий партиясынын алгачкы төрагасы Мухтарбек Сүйүналиевич Өмүракунов

 

Саясий партиянын төрагасы: МОЛДОКМАТОВ ЖЕҢИШБЕК ӨМҮРГАЗИЕВИЧ

Туулган жылы: 08.05.1983-ж.

Билими:

2005-2007-жж. OSI LGI Ачык коом институтунда (Венгрия) «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу», «Этникалык айырмачылык жана чыр-чатактарды башкаруу» боюнча кесиптик жана үзгүлтүксүз окуу курстар

Нарын мамлекеттик университети – «Экономика жана мамлекеттик башкаруу» боюнча адис, 2012-2017-жж.

КР Президентине караштуу Башкаруу академиясы – «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» боюнча квалификацияны жогорулатуу курстары, 2010-ж.

Эмгек жолу:

2018-жылдан бери «Замандаш» саясий партиясынын лидери жана “Замандаш” коомдук фондунун президенти

2013–2015: «Калыс» коомдук-саясий кыймылынын лидери

2010-2013: «Кыргызстан жаштарынын кеңеши» коомдук-саясий кыймылынын лидери

2009-2013: Fushion Mobile House co.LTD. ЖЧКсында (Бишкек) долбоор менеджери

2008-2009: Борбордук Азия Университетинин Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинде академиялык маселелер боюнча менеджери

2007-2008: Сантьяго-де-Компостела университетинин (Испания) эл аралык бөлүмүндө «Erasmus Mundus External Window Lot9» долбоорунун Борбордук Азия боюнча координатору

2006-2007: Нарын мамлекеттик университетинин эл аралык бөлүмүнүн эл аралык долбоорлор жана программалар боюнча координатору

2006-2007: Нарын мамлекеттик университетинин Медиа борборунун менеджери (айкалыштырып иштеген).

2004-2006: Борбордук Азия Университетинин Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинде бизнести башкаруу, туризм жана айыл чарбасы программаларынын координатору

2002-2004: Нарын шаарындагы №7 М.Сыдыков атындагы мектепте англис тили мугалими

Тилдер:

Кыргыз – эне тили                       Орус – мыкты

Англис – мыкты                              Испан – жакшы

 

Адистик жөндөмдөрү:

«Стратегиялык пландоо», «Адам ресурстарын пайдалануу”, “Бирикмелердин керектөөлөрүн баалоо жана мониторинг жасоо”, «Бизнес пландоо», «Лидерлик сапаттарды калыптандыруу» боюнча тренер.

Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү, эки баланын атасы

Саясий партиянын максаттары:

  1. Кыргыз Республикасынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, жалпы адамдык баалуулуктардын, саясий жана экономикалык эркиндиктин, демократиянын принциптеринин негизинде укуктук позициясын бекемдөө;
  2. Мамлекеттүүлүктү жана көзкарандысыздыкты, аймактык бүтүндүктү жана өнүгүүнү бекемдөөгө, улуттук маданиятты сактоого салым кошуу;
  3. Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн стратегиялык маселелерди ишке ашырууга, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн татыктуу жашоо шартын түзүүгө жана социалдык, натыйжалуу мамлекет курууга салым кошуу;
  4. Эл алдында жоопкерчиликтүү мамлекеттик бийликти түзүүгө катышуу;
  5. Кыргыз Республикасынын Конституциясында, эл аралык укуктук нормаларда көрсөтүлгөн жарандардын негизги укуктарын камсыздоого салым кошуу;
  6. Кыргызстан элдеринин маданий, руханий өнүгүүсүнө салым кошуу;
  7. Көп партиялуулуктун негизинде демократиялуу башкаруу формасын түзүү, бийликти мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана сот бийлигине бөлүү;
  8. Улуттук экономиканы жана улуттук байлыкты адилет бөлүштүрүүнү уюштурууда мамлекеттин негизги ролун камсыздоо;
  9. Партиянын программасынын негизги бөлүктөрүнө ылайык коомдук пикир жаратуу, саясий сабаттуулук жана жарандардын тартиби, коомдук жашоо боюнча жарандардын пикирлери, бул пикирлерди жалпы коомго, мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу органдарына жеткирүү, алардын шайлоо жана референдумдарга катышуу аркылуу билдире турган саясий эркин жаратуу.

Партиянын негизги максаттары:

  • Мамлекетти башкаруу иштерине өз талапкерлерин Жогорку Кеңешке, мамлекеттик кызматтарга, жергиликтүү кеңештерге сунуштоо аркылуу катышуу жана фракцияларды түзүү, шайлоо кампанияларына салым кошуу;
  • Мамлекеттин экономикалык ролун жогорулатууга, социалдык маселелерди чечүүгө, жакырчылык жана жумушсуздукту кыскартууга багытталган программаларды иштеп чыгууга катышуу жана өлкөдөгү тынчтыкты, туруктуулукту бузуучу, элдин социалдык-экономикалык абалына таасир этүүчү бардык аракеттерге мыйзамдуу түрдө каршы туруу;
  • Кыргызстандын жарандарына Партиянын максаттарын түшүндүрүү;
  • Партиянын идеяларын жайылтуу жана тарапташтарды тартуу.

 

Башкаруу органы жана түзүмү тууралуу маалымат:

1. Съезд.

2. Саясий кеңеш.

3. Партиянын төрагасы.

 

Саясий партиянын жаштар уюму

Жаштар канатынын лидери Өмүрбеков Данияр

 

Саясий партиянын шайлоолорго катышуусу:

2010 жана 2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо;

2012-жылы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо;

2016-жылы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо.