Келечекти өзгөртөбүз!

«Замандаш» саясий партиясынын Программасы

 

«Замандаш» партиясы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө, коомдун ачыктыгына жана инновациялык экономикасын, экологиялык агрокомплексин өнүктүрүүгө, стратегиялык өнөктөштүккө жана ЕАЭБ, ЖККУ алкагында интеграцияны тереңдетүүгө негизделген тышкы саясатын бекемдөөгө багытталган саясат жүргүзөрүн жарыялайт.

Жеңиш Молдокматов – «Замандаш» партиясынын лидери жана төрагасы. Партияны олуттуу саясий күч катары 2020-жылдагы парламенттик шайлоого баштап барууда.

 

Келечек 4.0

«Замандаш» партиясы Кыргызстандын экономикалык, соода-сатык жана экономикалык көз карандысыздыгына багытталган саясат жүргүзүүнү көздөйт. Дүйнөлүк өндүрүш революция жасоо идеясына негизделген «Келечек 4.0» декларациясы аркылуу демократиялык баалуулуктарды жана инновациялык экономиканы өнүктүрүү каралган.

Декларация төмөндөгүдөй багыттардан турат:

  1. Бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү;
  2. Инновациялык өлкө;
  3. Жашыл экономика;
  4. Гумандуу өлкө;
  5. ЕАЭБ курамында татыктуу орун;
  6. Эркиндик;
  7. Элдик бийлик.

Бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү

Биздин максат – өлкөнүн бардык жарандарынын материалдык жана руханий бейпилчилиги.

Биздин артыкчылыктар:

  • Билим берүүчү жана маданий программаларга каржылык колдоо;
  • Калктын аярлуу катмарына (жумушсуздар, пенсионерлер, мүмкүнчүлүгү чектелгендер) колдоо көрсөтүү;
  • Үй-бүлө институтун, эне, ата, баланы колдоо;
  • Элдин саламаттыгын жана эмгегин коргоо;
  • Кирешелерди кайра бөлүштүрүү аркылуу социалдык теңсиздикти жоюу;
  • Элдердин биримдиги.

Бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү – бирдей мүмкүнчүлүктөргө, байлыкты туура бөлүштүрүү жана өздөрүнө минималдуу жашоо шартын камсыздай албагандар үчүн коомдук жоопкерчиликке негизделген саясий түзүмдүн концепциясы.

Биздин максатыбыз - 5 жыл ичинде өлкөнүн ИДПсын 7,5 миллиард АКШ долларынан 15 миллиард АКШ долларына чейин көтөрүү.

Инновациялык өлкө

Биздин максат – Кыргызстандын туруктуу экономикалык өнүгүүсү үчүн шарт түзүү. Инновацияларды экономикалык өсүүнүн негизи кылуу.

Биздин артыкчылыктар:

  • Колдонмо илимдерди жана венчурдук бизнести өнүктүрүү;
  • КР аймагы боюнча жогорку ылдамдыктагы интернет. Өнүккөн IT;
  • Инновациялардын дайымкы агымын түзүү;
  • Технологиялык жакшыруу;
  • Жогорку технологиялык өнүм өндүрүү;
  • Ойлоп табуучулардын жана окумуштуулардын интеллекти аркылуу киреше түзүү;
  • Интеллектуалдык жеке менчикти коргоо;
  • IT технологиялардын паркын түзүү.

Ойлоп табууларга, жаңы технологияларды импорттоого, жаңы инновацияларга жол ача турган шарттарды түзөбүз. Биз билим берүүдөн тарта мамлекеттик башкарууга чейин инновацияларды киргизебиз.

Жашыл экономика

Биздин максат – жашыл экономиканы Кыргызстандын өнүгүүсүндөгү маанилүү факторго айлантуу. Ал эми Кыргызстанды экологиялык таза өнүм өндүрүүнүн аймактык борбору кылуу.

Биздин артыкчылыктар:

  • Экологиялык таза азык-түлүк жана эл керектөөчү товарларды өндүрүү;
  • Энергиянын натыйжалуулугу жана жоготууларды кыскартуу;
  • Сууну үнөмдөө;
  • Альтернативдүү, жаңылануучу энергия булактарын өнүктүрүү;
  • Электротранспортту өнүктүрүү;
  • Таштандыларды азайтуу жана кайра иштетүү.

Кыргызстанда айдоого жарамдуу жер - 900 000 га. Казакстанда 34 млн га, Кытайда 92 млн га., ал эми Россияда 116 млн га. Биз коңшу мамлекеттер менен атаандаша албайбыз. Бирок сапат менен атаандаша алабыз.

«Кыргызстан экологиялык таза өнүмдүн өлкөсү» – бул биздин дүйнөлүк рыноктогу брендибиз болот.

 

Гумандуу өлкө

Биздин максат – өлкөдөгү кылмыштуулукту азайтуу, мыйзам бузуулардын алдын алуу үчүн механизмдерди иштеп чыгуу.

Биздин артыкчылыктар:

  • Адам өзүнүн актыгын далилдөөгө мүмкүнчүлүк ала алган укуктук система;
  • Көз карандысыз сот системасы;
  • Коомдун бардык мүчөлөрүн башка мүчөлөр тарабынан кемсинтилишинен коргоо;
  • Коомдогу баалуулуктар көрсөткүчүн карап чыгуу;
  • Жеке потенциалды ишке ашыруу жана бирдей мүмкүнчүлүктөр;
  • Аймактардагы жаштардын алектенүүчүлүгүн жогорулатуу, жумушсуздук менен күрөшүү;
  • Спортту өнүктүрүү;
  • Бизнес инкубаторлордун институту жана чоңдор үчүн билим берүүчү борборлор.

Жарандардын социалдык жашоо шартын жакшыртуу, билим берүү жана маданиятын жогорулатуу, видеокөзөмөл системасын киргизүү кылмыштуулукту кыскартууга шарт түзөт.

 

ЕАЭБдеги татыктуу орун

Кыргызстан ЕАЭБ мүчөсү. Бул жагдай ага атаандаштыкка туруктуу болуу үчүн артыкчылыктарды берип турат. 180 млн калкы бар рынок ишке орношуудагы тең мүмкүнчүлүктөргө жана өлкө экономикасына инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк берет.

ЕАЭБ –  менталитетинде окшоштуктары бар, орток тили бар стратегиялык өнөктөштөрдү тандоо.

ЕАЭБ –  Кыргызстан үчүн арзан баадагы газ жана нефть.

ЕАЭБ –  евразиялык мейкиндиктеги бирдиктүү кызматтар рыногу, бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр.

ЕАЭБ –
эмгек мигранттары үчүн жеңилдетилген шарттар.

Эркиндик

Биздин максат – жарандык эркиндикти камсыздоо. Адам укуктарынын бардык деңгээлдерде сакталышына шарт түзүү.

Биздин артыкчылыктар:

  • Көз карандысыз ЖМК;
  • Сөз эркиндиги, диний эркиндик;
  • Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын укугун коргоо;
  • Экономикалык эркиндик;
  • Салык жүгүн төмөндөтүү;
  • Бюджетке салыктан тыш түшүүлөрдү көбөйтүү.

Активдүү позициясы бар жарандык коомду колдоо, кичи жана орто бизнести өнүктүрүү, рынокко мамлекеттин кийлигишүүсүн төмөндөтүү.

 

Элдик бийлик

Биздин максат – эл бийлик үчүн эмес, бийлик - эл үчүн.

Биздин артыкчылыктар:

  • Бийликтин ишинин натыйжалуулугун баалоо критерийлери;
  • Өкмөттүн эл алдындагы отчёттуулугу;
  • Мамлекеттик органдардын айкындуулугу;
  • Коррупциянын себептерин жоюу;
  • Өкмөттү оптималдаштыруу;
  • Башкарууну санариптештирүү;
  • Административдик-аймактык реформа;
  • Жергиликтүү бирикмелердин активдүүлүгүн күчөтүү.

Кыргызстанда 6 млн эл үчүн 32 000 аткаминер.

13 млн калкы бар Нью-Йорк шаарынын мэриясында 52 кызматкер иштейт.

Чакан, натыйжалуу, заманбап талаптарга ылайык иш алып барган командасы бар, өлкөнү өнүктүрүүнүн так стратегиясына ээ Өкмөт – биздин идеяларды жана пландарды ишке ашыруунун ачкычы.

 «Келечек 4.0» декларациясы – дүйнө менен бир катарда болуу үчүн убакыттан алдыда болуу.