РЕСПУБЛИКА САЯСИЙ ПАРТИЯСЫНЫН ШАЙЛОО ПЛАТФОРМАСЫ

БААЛУУЛУК БАГЫТТАР

  1. Жалпы экономикалык өсүш үчүн - ар бир кыргызстандыктын жашоо деңгээлин жогорулатуу. Экономикалык өсүш кагаз жүзүндө эле болбошу керек. Экономиканын өсүшүн ар бир жаран үй-бүлөлүк бюджеттин деңгээлинде сезет. Экономиканын өсүшү – бул ар бир жарандын жетиштүүлүгүнүн өсүшү, орто класстын көбөйүшү жана баардык жерде кирешенин кеңири өсүшү.
  2. Татыктуу жашоо үчүн. Ар бир жарандын кирешеси бардык жерде өсүшү керек. Кесипти эркин ишке ашыруу үчүн. Жумуш орундарын түзүү жана кадрларды адилеттүү тандоо.
  3. Улуттун ден-соолугун сактоо үчүн. Дени сак жашоо образы үчүн. Ден-соолукту сактоо – биринчи кезекте оорунун алдын ала профилактикасы жана ооруканалардагы жаңы технологиялар.
  4. Социалдык статусуна карабастан, социалдык кызматтар баарына жеткиликтүү болушу керек. Калктын аярлуу катмарына мамлекеттик органдар жардам бериши зарыл. Колунда жоктогулардын колдоо программалары сезилээрлик болушу керек.
  5. Адам капиталы - бул өлкөнүн эң баалуу ресурсу. Биз кыргыз элинин эркиндикке болгон сүйүүчүүлүгүн жогору баалайбыз. Сөз эркиндиги үчүн, Интернеттен эркин пайдалануу үчүн, ой жүгүртүү жана чыгармачылыктын эркиндиги үчүн, саясий жана идеологиялык көз карашты билдирүүсүнүн эркиндиги үчүн. Каршы пикирлери үчүн куугунтуктоону токтотобуз.
  6. Жеке эркиндик үчүн, эч кандай басмырлоо жок. Аймактык бөлүнүүнү токтотобуз. Жынысы жана жашы боюнча басмырлоону токтотуу. Аялзат менен ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга болгон теңсиз мамилени токтотолу. Улуттар аралык басмырлоону токтотобуз.
  7. Биз жеке менчиктин толук корголушун жактайбыз. Жеке менчик – бул жарандардын эмгегинин жана үнөмдөөсүнүн натыйжасы. Инвесторлорду мамлекеттик инспекторлор тарабынан куугунтуктоону токтотолу. Рейдерликти жана соттун адилетсиз чечимдерин токтотолу.
  8. Жарандын кызыкчылыгы бюрократиянын кызыкчылыгынан жогору турат. Административдик жол-жоболордун аткаруусунун кечиктирүүсүн токтотолу. Өкмөттүн чечимдерин кабыл алууну тездетебиз. Мамлекеттик кызматты алуучулар менен чиновниктин байланышынын алып салабыз. Коррупцияны токтобуз. Мыйзамдар акыйкат болуш керек, статусуна карабастан бардыгы мыйзам алдында бирдей болуш керек.
  9. Жолдоочулук, ар-намыс жана натыйжалуулук үчүн. Биз электр линияларын, ипотекаларды, агрокредиттерди ишке киргиздик, депутаттарды артыкчылыктардан ажыраттык, бирок бул иштер аяктай элек. Республика башталган кардиналдык өзгөрүүлөрдү уланта берет.

БИЗДИН ЖОЛ — КОРРУПЦИЯСЫЗ ЖОЛ!

БИЗДИН ЖОЛ — АЛДЫГА ЖОЛ!

БИЗДИН ТАНДООБУЗ — РЕСПУБЛИКА!

 

 

2020-2025-ЖЫЛДАРГА КЫРГЫЗСТАНДЫН ӨНҮГҮҮНҮН НЕГИЗГИ ПЛАНДАШЫРЫЛГАН КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ

Көрсөткүчтөр

Максат

Жыйынтык

ИПДнын өсүү темпи

Жылында 15% кем эмес

1,3 трлн сомдон ашуун

Жан башына ИПД

Жылдык өсүш 12% кем эмес

2000$ ашык

Кыргыз Республикасынын жарандарынын орточо эмгек акысы

Жылдык өсүш – жылында 4000 сомдон кем эмес

40 000 сомдон ашык

Жаңы (орто жана ири) ишканаларды түзүү

Жылында 200дөн кем эмес

1000 ашык жаңы ишканалар

Жогору акы төлөнүүчү жаңы жумуш орундарын түзүү

Жылында 30000 кем эмес

Жогору акы төлөнүүчү жаңы 150 000  жумуш орундары

Бир адамга ылайыкталган жашоо аянты

15 м2 кем эмес

14 млн кв. м. жаңы турак жай

Бизнести өнүктүрүү үчүн сом менен берилген насыялар

6% жогору эмес (рыноктун чектөөсү жок)

Бизнести өнүктүрүү үчүн 50 млрд сомдон ашык жаңы кредиттер

 

ПРОГРАММАЛЫК НИЕТТЕР

  1. Ипотека – 6%. Саламаттыкты сактоо жана билим берүү кызматкерлерине ипотека баштапкы төгүмдөрсүз берилет.
  2. Агрокредиттер – 5%. Дыйкандар арзан жана күрөөсүз насыяларды алышат.
  3. Беш эсе көп инвестиция. Биз бизнести онлайн режиминде 20 мүнөттүн ичинде каттоого мүмкүнчүлүк түзөбүз. Процесске катышкан бардык мамлекеттик органдар бирдиктүү терезеде иштешет.
  4. Биз тышкы жардамдын баардыгын толук эл аралык аудитин жүргүзөбүз. Ар бир насыя боюнча коомдук угууларды уюштурабыз. Тышкы жана ички карыздардан келген бардык каражаттардын сарпталышы толугу менен ачык жана коомдук көзөмөлдөө болот.
  5. Чек ара аймактарында өнөр жай шаарчаларын курабыз. Борбордон алыс жайгашкан аймактарды жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөр жана мамлекеттик программалар өнүктүрөт. Биз Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарын өнүктүрүү үчүн Улуттук максаттуу программасын кабыл алабыз. Эмиграция агымын токтотолу.
  6. Бардык мамлекеттик ишканаларды сатабыз. Андан түшкөн каражаттардын жардамы менен ишкерлерди колдоо фондун ачабыз. Бул фонд чакан жана орто ишканаларды жылына 3% кредиттер менен каржылайт.
  7. Биз ар бир айылга таштандыларды сорттоочу завод куруу үчүн МЖӨ негизинде каражат тартабыз. Өлкөдөгү бардык таштанды жайлары санкцияланган зонанын статусун алышат. Бардыгынын экологиялык паспорту болот.
  8. Ден-соолукту каржылоо системасын өзгөртөбүз. Медициналык кызматкерлердин эмгек акысын жана медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу үчүн рейтингдер жана ваучерлер иштейт. Түшүнүктүү шарттар жана каражаттар жүрүшүнүн ачыктыгы. Бардык саламаттыкты сактоо уюмдары менеджмент жана сапаттыек системалардан аккредитацияны өтүшөт. Учурдагы бардык оорулардын актуалдуу клиникалык көрсөтмөлөрү болот.
  9. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында бажы, санитардык-ветеринардык көзөмөлдүн методикасы жана сапаты жөнүндө Мамлекеттик бажы кызматынын ар бир квартал сайын отчеттуулугуна байланыштуу Мыйзамды кабыл алабыз. Маалыматтарды манипуляциялоого жол бербейбиз. Ар бир мамлекеттик орган жарандарга өз маалыматтары туура экендигин далилдейт.
  10. Мектептерди ваучердик каржылоосуна өткөрөбүз. Ар бир окуучунун тандоосу болушу керек. Эгерде мектеп онлайн билим берүүнү уюштура албаса, анда мамлекеттин каражаттары окуучу менен анын үй-бүлөсү тандап алган мектепке кетиши зарыл. Мамлекеттик билим берүү программасын ишке ашырабыз. 100 миң программистти даярдоо боюнча мамлекеттик социалдык буйрутмасын аткарабыз. Мектептин ар бир экинчи бүтүрүүчүсү программалоо тажрыйбасына ээ болот. Үч тилдеги мектептер - кыргыз, орус жана англис тилдеринде болот.
  11. Пенсиялар өзүбүздүн колубузда болот. Толук топтоо системасына өтүүнү камсыз кылабыз. Жаран пенсияга топтогон каражаттын бардыгын накталай акча менен алганга мүмкүнү болот.
  12. Мамлекеттик үгүттөөгө тыюу салабыз. Бардык мамлекеттик ММКтар сатылып, андан түшкөн каражат бюджет тарабынан саламаттыкты сактоо тармагын колдоосуна сарпталат.
  13. Биз майнинг борборлорунун ишин түз иретке салабыз. Маалыматтык технологиялар тармагынын таланттуу инженерлерин кууганды токтотобуз.
  14. "Муниципалдык мүлктү башкаруу жөнүндө" жаңы мыйзамды кабыл алабыз. Бардык коммуналдык кызматтар (коммуникациялар) Iot-сенсорлор менен камсыздалат. Коммуналдык кызматтарга сарпталган жарандардын каражаттарын сактап, коррупцияны токтотолу. Муниципалдык муктаждыктар үчүн энергия альтернативдүү энергия булактарынан (күн батареялары) алынат.
  15. Мамлекеттик бюджетте жергиликтүү бюджеттин үлүшүн 12%дан 25%га чейин көбөйтөбүз. Аймактардагы мамлекеттик органдардын жана өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чыгымдарын айыл өкмөткө багыттайбыз.
  16. Калдыктарды кайра калыбына келтирүү үчүн бюджеттен тышкаркы фонд түзөбүз. 90дон ашык калдык сактоочу жайлар эл аралык стандарттарга ылайык утилизациялоо үчүн каржыланат.
  17. Бардык энергетика тармагынын мыйзамдарын өзгөртөбүз. Электр энергиясын өндүрүү жана бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик абсолюттук монополияны жоебуз. Бул тармак коррупцияга аралашып жана эскирген. Рынокко жол ачалы. Баалар жана сапат үчүн атаандаштык бүт системаны өзгөртөт. Ар бир дарыяга чакан ГЭСтерди курууга мүмкүнчүлүк беребиз. Энергия баарына жеткиликтүү болушу керек.
  18. Шаар куруу боюнча мыйзамдарды өзгөртөбүз. Шаарлардын жана айылдардын бардык башкы пландары жаңыртылат. Алар аймакты пландоонун мыкты тажрыйбасын эске алышы керек (Smart City). Жолдорду жана коммуналдык тармактарды жаңылоонун башкача тартиби болот. Мамлекеттик имараттарды курууда коррупцияны токтотолу. Жарык берүү үчүн энергияны үнөмдөөчү гана лампалар колдонулат. Коммуналдык тармактар ​​үчүн энергия күн батареяларынан алынат.
  19. Курулуш стандарттарын өзгөртөбүз. 1960-жылы кабыл алынган технологиялар менен жол курууда тыюу салынат. Эски эрежелер кымбат жана сапаты боюнча кыска мөөнөттүү. Жаңы эрежелерди жана талаптарды кабыл алабыз. Кызматы 20 жылга деткен бетон жолдорду курабыз.
  20. Бир гана салыкты калтырабыз. Жүгүртүмдүн салыгы 3%. Бул жер казынасын пайдалануу тармагынан сырткары бардык тармактарга тиешелүү болот. Социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн 10% га чейин түшүрөбүз.
  21. Кыргызстанга инвестиция салган жарандарга капиталдык мунапыс жарыялайбыз. Мыйзамда каралган кепилдиктер болот.
  22. Кош жарандуулукту киргизебиз. Президенттен, премьер-министрден, депутаттардан жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен башка бардык кыргызстандыктар жана алардын балдары үчүн кош жарандуулукту киргизебиз.
  23. Конституциялык реформаны жүргүзөбүз. Азыркы системаны өзгөртөбүз. Биз тең салмактуулук тутумун ишке ашырабыз. Жогорку Кеңештин комитеттеринин башчыларын дайындоо системасын өзгөртөбүз. Бюджеттин кабыл алынышы жана министрлердин дайындалышы оппозициядагы депутаттардын жетекчилиги астында ачык кабыл алынат. Каржы министри жана Ички иштер министри - оппозициянын квотасы. Эл оппозиция менен бирге ар бир алынып жана сарпталган сомду көрө алат. Милиция эл менен бирге болот.
  24. Жарандар (10 миң кол) начар иштеген депутатты кызматынан кетирүүгө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ишке келбеген депутатты мандаттан ажыратууга мүмкүн болот. Добуш берүү бармак издери аркылуу гана өткөрүлөт.
  25. Милициянын ыйгарым укуктарын өзгөртөбүз. Биз “Уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүү жөнүндө” мыйзамды кабыл алабыз. "Кара тизме" институтун киргизебиз. Кылмышкерлердин мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштөө мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарабыз.
  26. Соттордун көзкарандысыздыгын камсыздоо үчүн жаңы эрежелерди кабыл алабыз. Сот отурумдары жаңы эрежелерге байланыштуу толук ачыктык менен өткөрүлөт. Адвокаттар, сотко катышуучу тараптар жана ЖМКлар толук жазууларды онлайн режиминде алышат. Президенттин сотторду дайындоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарабыз. Сотторду шайлоо боюнча атаандаштыкка жарандардын толук көзөмөлү болот. Бардык ишкердик талаштарды арбитраждык сотторго өткөрүп беребиз.
  27. Биз УКМКны жана Коррупцияга каршы кызматын жоебуз. Өлкөнүн ички жана тышкы коопсуздугун камсыз кылган Чалгындоо кызматы болот. Тышкы чалгындоо, контрчалгындоо, эл аралык терроризмге жана диний экстремизмге каршы функциялары гана калат. Экономикалык кылмыштар - Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматында гана болот. Коомдук коопсуздук – Ички иштер министрлигинде гана. Тергөө менен бир гана орган алектенет – Улуттук тергөө бюросу.
  28. Прокуратураны жоебуз. Функциясынын бир бөлүгүн Юстиция министрлигине өткөрүп беребиз.
  29. Административдик-аймактык реформа жүргүзөбүз. 7 облус губернаторлор менен 44 акимдин ордуна бизде 30 аким болот. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Өкмөт менен түздөн-түз, ортомчуларсыз иштейт. Айыл өкмөт башчылары жана шаар мэрлери түз шайлоо менен тандалат. Облус губернаторлорунун кызматтарын жоебуз.
  30. 16 министрдин ордуна 7 министрден турган чакан өкмөт.
  31. Премьер-министр ички жана тышкы саясат үчүн эл жана парламент алдында жооп берет. “Республика” партиясынын позициясы – Президенттик институтту жоюп, толук парламенттик башкаруу системасына өтүү!
  32. 120 депутаттын ордуна 75 депутат.