Саясий партиянын кыскача аталышы: «БИРИМДИК»

ЮЖБР кирүү датасы: 08.05.2013

Саясий партиянын түзүлүшү: кайрадан каттоо

Уставдын кабыл алынган датасы: 25.04.2013

Катталган регионалдык филиалдардын саны:

Туруктуу коллегиалдуу башкаруу органы: Аткаруу комитети

 

"Биримдик" (Единство) демократиялык партиясы" саясий партиясы

 

Байланыш маалыматтары

 Дареги: Эркиндик кѳч. 30/1

Байланыш телефону: +996 (704) 864962

Коомдук кабылдама:

Интернеттеги байланыш тармактары:

Расмий сайт: birimdik.kg

 

Башкаруучу органдары  жана түзүмдѳрү  жѳнүндѳ маалымат

Партиянын түзүмү:

Партия түзүмдүк бѳлүмдѳрүн түзүү жолдору аркылуу аймактык принциптер боюнча түзүлгѳн: Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктериндеги регионалдык бѳлүмдѳр.

Партиянын Жетектѳѳчү органы: Жогорку орган – Партиянын съезди, байкоочу орган – Партиянын Саясий кеңеши. Аткаруучу орган – Партиянын тѳрагасы жана Аткаруу комитети.

Партиянын тѳрагасы – Жогорку Кеңештин депутаты Аманкулов Марат Аскерович.

 

Саясий партиянын тѳрагасы:

Марат Аскерович АМАНКУЛОВ

1970-жылдын 24-мартында туулган.

Жогорку билимдүү.  2004-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.

1988-1990-жж.  СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн катарында  ГДРдагы батыш аскерлер тобумунун курамында аскердик кызматын өтөгөн;

 Эмгек жолу

1990-жылы карьерасын жеңил өнөр жай тармагында баштаган, экспортко багытталган тигүү продукцияларын өндүрүүчү ишкананы негиздеп, аны жетектеген;

2008-жылы №2 Гагарин шайлоо округунан Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп шайланган; 

2009-жылы Бишкек шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп шайланган;

2011-жылдын 29-мартында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланган;

2011-жылдын декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалган;

2012-жылдын ноябрында «КСДП» саясий партиясынан кайрадан Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп шайланган;

Бул  чакырылышта кайрадан Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланган.

2015-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 

2016-жылдын майында КР ЖКнын транспорт, архитектура жана коммуникация, курулуш боюнча комитетинин  төрагасы болуп шайланган. 

2019-жылдын сентябрында «Биримдик – Единство» демократиялык социализм партиясынын төрагасы болуп шайланган.

Класстык чини: «Муниципиалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси»

Сыйлыктары:

- «Бишкек шаарына  мыкты кызматы үчүн» медалы;

- "Бишкек шаарына сиңирген эмгеги үчүн» ордени

- «Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер» Мамлекеттик сыйлыгы

- Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы; 

- «Мустафа Кемаль» атындагы эл аралык илим жана маданият кайрымдуулук фондунун Ардак грамотасы жана Алтын медалы

- Кыргыз Республикасынын муниципиалдык кызматынын отличниги

Үй-бүлөсү:

Жубайы, 4 баласы бар.

 

Саясий партиянын максаты жана милдети:

«Биримдик» (Единство)» демократиялык партиясы» саясий партиясынын максаты Кыргыз Республикасынын  бардык жарандарынын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу жана ишке ашыруу болуп эсептелет.

Биздин саясаттын негизин социалдык акыйкаттуулук принциби түзөт. Партиянын башкы максаты – жарандардын эркин өнүгүүсүн жана татыктуу жашоону  камсыз кылган социалдык мамлекетти куруу болуп саналат.

Биз «Демократиялык социализм» менен «Евразийствону» коомдук жашоонун социалдык, экономикалык жана саясий концепциясы катары кабыл алууну сунуштайбыз. Демократиялык социализм – евразиялык тандоо – улуттук эмес, аймактарды, этносторду жана маданияттарды бириктирүүчү улуттар идеясы, Бул интернационализм жана элдердин достугуна негизделген  кызматташтык.