“Биримдик” Саясий партиясынын программасы

 

"Биримдик" демократиялык социализм – евразиялык  тандоо саясий партиясынын максаты, Кыргыз Республикасынын бардык жарандарынын аракеттеги  укуктарын  жана эркиндиктерин коргоо болуп саналат.

Биздин саясаттын ѳзѳгүн социалдык адилетүүлүк принциби түзѳт.

“Биримдик” партиясынын башкы максаты жарандардын татыктуу жашоосун жана эркин өнүгүүсүн камсыз кылган, социалдык мамлекетти куруу болуп саналат.

Биз "Демократиялык социализмди" жана "Евразиялык тандоону" коомдун социалдык, экономикалык жана саясий турмушунун концепциясы катары кабыл алууну сунуштайбыз. Демократиялык социализм - евразиялык тандоо –бул аймактарды, этникалык топторду жана маданиятын бириктире турган идея. Бул интернационализмге жана элдердин достугуна негизделген кызматташтык.

  1. Өнүккөн билим, илим жана маданият

Заманбап билим берүү жана илим - Кыргызстандын келечегинин ачкычы, ошондуктан биз билим берүү тармагын анын бардык деңгээлинде модернизациялоонун зарылдыгын жактайбыз.

  1. Жеткиликтүү медицина

Ар бир адамдын саламаттыгы - бул бүтүндөй элдин жыргалчылыгынын кепилдиги.  Кыйраткыч процесстер саламаттык сактоо системасын да кыйгап ѳткѳн жок, муну коронавирус эпидемиясы ачык кѳрсѳттү. Ошондуктан сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык жардам көрсөтүү маселеси курч урат. Саламаттык сактоо тармагында,  структуралык медициналык жардамды уюштурууда жана анын сапатында, анын ичинде коррупция  сыяктуу көрүнүштөр сыяктуу кѳйгѳйлѳр бар.  Медицина  рыноктун жемине айланбашы керек.

Бул тармактагы саясат мамлекеттик жѳнгѳ салууну күчѳтүүгѳ жана көзөмөлдү камсыз кылууга багытталышы керек. Санариптештирүүнүн алкагында импорттоочу, өндүрүүчүдөн баштап акыркы керектөөчүгө чейин бардык дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдарды эсепке алуунун электрондук системасын киргизүү керек.

   3.Сапаттуу социалдык саясат

Мамлекет өз ишмердүүлүгүндө  ѳз жарандарынын жашоо деңгээлин жана анын сапатын жогорулатууга жигердүү аракет кылууга милдеттүү, ошондуктан биз жумушсуздукту тѳмѳндѳтүүгѳ, жумуш менен камсыз кылууга, жарандардын кирешелерин жѳнгѳ салууга таасир этүүчү жана калктын аялуу катмарына жардам көрсөтүүчү, сапаттуу, терең ойлонуштурулган социалдык саясаттын үстүнѳн иштейбиз.

Партиянын социалдык саясаты эмгек миграциясынын санын кыскартууга жардам берет, ал эми "Евразия" концепциясынын алкагында тышкы саясаттагы позициясы чет өлкөлѳрдѳ иштеп, окуп жаткан кыргызстандыктардын абалын жакшыртат.

  1. Экономика

Кыргызстанга экономикалык өсүштү тездетүүчү ѳз жолун таба турган мезгил келди.

Экономикалык саясаттын негизги милдеттери экономикалык өсүштүн жогорку темптерине жетишүү жана калктын реалдуу кирешесин жогорулатуу болот. Реформанын жалпы стратегиялык багытын колдоо менен өнөр жай, энергетика, айыл чарба, курулуш, транспорт тармактарын модернизациялоону жѳнгѳ сала турган, экономиканын чийки зат мүнөзүн жоюуга, ишкердикти жана жеке бизнести өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү экономикалык программаны иштеп чыгууну өтө маанилүү деп эсептейбиз.

Программада сунушталган экономикалык реформалар жумушсуздук көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган.

  1. Акыйкат сот иши

Биз жарандарды соттук коргоо укугун жүзөгө ашырууну конституциялык укук деген позицияны бекем карманабыз. Биз коррупция менен күрөшөбүз жана судьялардын мыйзам алдында жана эл алдында жоопкерчилигин камсыз кылууну талап кылабыз.

  1. Маалыматтык технологиялар жана электрондук өкмөт

Эң маанилүү милдеттердин бири болуп санариптештирүү жана жаңы  технологияларды активдүү киргизүү, өлкөдѳ электрондук мамлекетти түзүү, бул мамлекеттик аппараттын чыгымдарын бир гана төмөндөтпѳстѳн, аны жарандык коом үчүн ачык жана натыйжалуу кылат, ал эми жарандар  -интернет аркылуу мамлекеттик тейлѳѳлѳрдү ала алышат.

Санариптештирүүнү жана электрондук мамлекетти өнүктүрүү чарбалык иштерди жүргүзүүнү кыйла жеңилдетет жана экономиканын өнүгүүсүнө түрткү берет, ошондой эле жөнөкөй жарандардын жашоосун ыңгайлуу кылат. Чиновниктердин жана мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин онлайн- көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү, толук ачыктык жана айкындык, бардык жактан алардын коом алдындагы жоопкерчилик сезимин күчөтүп, кесипкѳй жана ачык иштөөгө аргасыз кылат.

  1. 7. Айлана-чөйрөнү коргоо

Экология – бул мамлекеттин коопсуздук маселеси. Курчап турган чөйрөнү сактоо жана коргоо  боюнча комплекстүү программаны иштеп чыгуу, айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү,  заманбап “жашыл” технологияларды жайылтууну колдоо боюнча кечиктирилгис иш-чараларды кабыл алуу керек.

  1. Тышкы саясат

Биздин тышкы саясатыбыздын негизги милдети өлкөнүн ичтен ийгиликтүү өнүгүүсү жана анын жарандарынын жыргалчылыгы  үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу болушу керек, ошондуктан биз өз ара кызыкчылыгыбыз бар өлкөлөр менен экономикалык, саясий жана маданий байланыштарды кеңейтүүгө ниеттенебиз.