«СОЦИАЛ-ДЕМОКРАТТАР» САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ

 

 
   


         

 

Саясий партиянын кыскартылган аталышы:

«Социал-демократтар» партиясы

ИНН: 02006201910221

ЮЖБР кирүү датасы: 20.06.2019

Уставдын кабыл алынган күнү: 21.11.2019

Аймактык бөлүмдөрдүн саны: 14

Туруктуу коллегиалдуу башкаруу органы – Президиум

 

 Дареги: Бишкек шаары, Жал-23 кичирайону, 5-6

Телефондор+996 (774) 487 200, +996 (555) 671 501

Расмий сайтыhttps://sdk.kg/

Саясий партиянын Төрагасы: Султанбеков Темирлан Медетбекович.

Партиянын борбордук органдары: партиянын Съезди, Президиум.

Партиянын Съезди – партиянын бардык маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу жогорку жетектөөчү органы болуп эсептелет.

Президиум – партиянын Съезддеринин аралыгында туруктуу иштеген жогорку жетектөөчү органы болуп эсептелет.

Партиянын аймактык бөлүмдөрүндө партиянын аймактык бөлүмүмүнүн Конференциясы, партиянын аймактык бөлүмүнүн Комитети, аймактык бөлүмүнүн Комитетинин Төрагасы жана анын орун басары иш жүргүзүшөт. Партиянын аймактык бөлүмдөрүндө партиянын баштапкы бөлүмүнүн жалпы чогулушу жана баштапкы бөлүмүнүн Төрагасы иш жүргүзүшөт.

Партиянын жаштар канаты бар. Азыркы учурда жаштар активдүү түрдө партиянын жаштар канатынын катарына кошулуп жатышат. 

«Социал-демократтар» партиясы 2020-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоого катышкан, анын жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Азыры учурда партия 2021-жылдын 11-апрелинде боло турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышып, өлкөбүздүн 13 шаарында шаардык кеңештерге талапкерлерин көргөздү. 

Партиянын максаттары жана милдеттери

Партиянын негизги максаттары - экономикасы күчтүү, социалдык багыттагы укуктук мамлекетти, эркиндик жана адилеттүүлүк принциптерине негизделген коомду куруу.

Партиянын милдеттери:

1) коомдун жана мамлекеттин саясий жашоосуна активдүү катышуу, шайлоолорго жана референдумдарга катышуу;

2) өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу, аларды мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары аркылуу ишке ашыруу;

3) жарандардын ой-пикирин билдирүү, ой-пикирлерди коомдун кеңири катмарына, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына жеткирүү;

 4) адамдын жана жарандын укутары менен эркиндиктерин камсыздоого көмөктөшүү.