“Социал-демократтар” партиясынын
шайлоо алдындагы ПРОГРАММАСЫ
Партиянын лозунгу: "Үзүлгөндү улайбыз, чачылганды жыйнайбыз".
Биз – Социал-демократтарбыз. Демек, биз – адилеттикти, эркиндикти, теңдикти жана тилектештикти жактайбыз.
БИЗДИН ПРИНЦИПТЕР
- Адилеттик бардык жерде жана ар бир адам үчүн!
- Укуктун жана мыйзамдын үстөмдүгү!
БИЗДИН МАКСАТ – социалдык-укуктук мамлекетти куруу.
БИЗДИН НЕГИЗГИ БАГЫТТАР:
- Адам, анын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары мамлекеттин жана коомдун эң жогорку баалуулуктары
- Эмгек акыны, пенсияларды, жөлөк пулдарды инфляция менен баанын өсүш деңгээлине ылайык жыл сайын индексациялоо;
- Эне жана балдарды коргоо, аялуу катмарга социалдык колдоону күчөтүү;
- Маданиятты, искусствону, библиотекаларды, музейлерди жана спортту мамлекеттин эсебинен колдоо;
- Кыргызстанда жашаган бардык жарандардын жана элдердин улут аралык достугун чыңдоо жана өнүктүрүү;
- Массалык маалымат каражаттарынын көз карандысыздыгын, сөз эркиндигин жана дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу;
- Акысыз жалпы билим берүү жана саламаттык сактоо системасын түзүү.
- Майыпчылык жана жумушсуздук боюнча пенсия жана жөлөк пулдар формасында мамлекеттик жардам;
- Балдарды карап багуу үчүн мамлекеттик жардам;
- Өлкөнүн илимий потенциалын бекемдөө, илимдин ролун жогорулатуу.,
- Орто жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү.
- Айыл-чарбасынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу.
- Мектепке чейинки билим берүү мекемелерин кеңейтүү
- Мугалимдердин, врачтардын, аскер кызматчыларынын укуктук статусун көтөрүү, алардын эмгек акылары мен социалдык абалын жогорулатуу;
- Үй®урууда жеткиликтүү ипотекалык кредиттөөнү өнүктүрүү;
- Бизнеске, адамдарга иштеп акча табууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүү;
- Монополист ишканалардын баалары менен тарифтерине көзөмөл;
- Бизнеске байланыштуу жазык иштерин кароодо соттун коргоо кепилдигин жогорулатуу.
- Өлкөнүн коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо;
- Энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылуу.
Бизге добуш берүү менен сиздер багытты элдин кызыкчылыгына тынчтык жолу менен өзгөртүүгө добуш бересиздер!
Биз бириксек – зор күчпүз! Бириксек колдон келет!
СОЦИАЛ ДЕМОКРАТТАР - №14