Саясий партиянын кыскача аталышы: МЫ

ЮЖБР кирүү датасы: 2010 – ж  23-июну

Саясий партиянын түзүлүшү: 2010 – ж  23-июну

Уставдын кабыл алынган датасы: 2014 ж 22 март

Катталган регионалдык филиалдардын саны:

Туруктуу коллегиалдуу башкаруу органы: Саясий Кенеш.

 

   

            МЕКЕН ЫНТЫМАГЫ САЯСИЙ ПАРТИЯ

 

Байланыш маалыматтары

Дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй областы, Бишкек шаары, Биринчи май району, Орозбекова 2/2. 

Байланыш телефону: 0708165347

Коомдук кабылдама:  

Интернеттеги байланыш тармактары

Расмий сайт: meken-biskek@mail.ru

Партиянын төрагасы – Асанбеков Темирбек Ишенбаевич

 “Мекен Ынтымагы” саясий партиянын төрагасынын өмүр баяны.

1966 – жылдын 18 июнунда Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областынын Ананьево айылында туулган.

Үй-бүлөлү.Төрт баланын атасы.

1973 – 1981 жылдары Ысык-Көл областынын Орто-Өрүктү айылындагы орто мектепте билим алган.

1981 – 1984 жылдары Фрунзе шаарындагы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда окуган.

1984-1986 жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп,

Ооганстандагы Герат провинциясында Советтик Армиянын чектелген контингентинин жоокерлер курамында болгон. Интернационалдык милдетти күжүрмөндүү аткарган үчүн “Каармандык” медалы жана Советтер Союзунун президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

1987-1993 жылдары Москвадагы К. А. Тимирязев атындагы айыл чарба академиясында “Окумуштуу агроном” адистигинде окуган.

1993-1994 жылдары Ысык-Көл областынын, Ак-Суу районундагы “Кайнар” агрардык бирикмесинин жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

1994-1995 жылдары Кыргызстанда жеке ишкер болуп иштеген.

1995 – жылдары орусиялык шериктештеринин чакыруусу менен Москва шаарына көчүп кеткен.  

1996- 1998 жылдары Москвадагы эл аралык “AIG” камсыздандыруу компаниясында ага менеджер болуп иштеген.

1998-2002 жылдары ЖЧК “АТМ – АРГО” Компаниянын Башкы директору (Москва, Оруссия).

2002- 2005 жылдары ЖЧК  “Арбат менеджмент” Башкаруу компаниясынын башкы жетекчиси (Москва шаары, Оруссия)

2005-2007 жылдары “Преображенский ишкердик борбору” долбоорун жетектеген.

2007-2010 жылдары ЖЧК “Аспол центр” башкы жетекчиси
(Тула шаары, Оруссия)

2010 – жылдан тартып Москвадагы “Кыргызстандыктарды колдоо жана коргоого көмөктөшүү борбору” коммерциялык эмес шериктештикти уюштуруп жана жетектеп келе жатат.

2010 – жылдан тартып “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынын төрагасы.

 

Саясий партиянын максаттары жана милдеттери:

 

Партиянын максаттары:

Өлкөдөгү ар бир жарандын жарандык, саясий, социалдык жана экономикалык укук жана эркиндиктерин камсыздоо жана коргоо, ар бир жаран өзүнүн конституциялык укуктарын ишке ашырууда (эмгектенүү укугу, акысыз негизги билим алуу жана медицина) көп улуттуу мамлекетти башкарууга толук аңдап билүү менен катышкан коомду түзүүгө багытталган мамлекеттин саясий жана укуктук системасын жакшыртуу. Коомдо мыйзамдын үстөмдүгү, конституциялык алмашуу жана бийликтин өткөрүп берилүүсү, мамлекеттик башкаруунун бүтүндөй системасынын баскычы боюнча реформалоо  принцибин коомчулукта орнотуу жана өнүктүрүү. Конституциялык жол менен социалдык багытталган көп тармактуу экономикасы бар мамлекетти куруу. Коомдук саясий жана мамлекеттик мамилелерде руханий байлыкты, тартиптүүлүктү, чынчылдыкты, Кыргыз Республикасынын эли жана мыйзамы алдында жогорку деңгээлде жеке жоопкерчиликке ээ болгон саясий жана мамлекеттик ишмерлерди жаратуу.

Партиянын милдеттери:

- Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жаңы саясий жана коомдук лидерлерди тандоо, окутуу, даярдоо жана сунуштоо.

- Эл арасында партиянын программалык жана уставдык максат жана милдеттерин түшүндүрүү жана таанытуу, өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты таркатуу.

- Коомдук көз-карашты изилдөө, социалдык-экономикалык саясий реформаларды жүргүзүү боюнча мыйзамдуу демилгелерди киргизүү.

- Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен аныкталган тартипте  мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине катышат.

- Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен аныкталган тартипте   шайлоо компанияларына катышат жана Кыргыз Республикаснын Президенти кызматына талапкерди, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына, жергиликтүү кеңештердин депуттаттыгына, башка тандоо кызматтарына,  ошондой эле мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына талапкерлерди сунуштайт.

- Мыйзамга ылайык Партиянын максаттарын ишке ашыруу ишинде коомдук бирикмелер, саясий партиялар жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташууну ишке ашырат.   

 

Саясий партиянын жаштар уюму:

 

“Мекен Ынтымагы” саясий партиясынын жаштар канатынын төрагасы – Агибаев Мухаммед Абдулхаевич.

 

МЫ

“Мекен Ынтымагы” Саясий партиянын шайлоого катышуусу:

 

2010 жылы – КР ЖК шайлоого катышты - 0 мандат

2011 жылы – КРнын Президентин шайлоого катышты.

2012 жылы – шаардык кенешти шайлоого катышты – 8 мандата

2015 жылы – КР ЖК шайлоого катышты  - 0 мандат