“Мекен Ынтымагы” саясий партиясынын социалдык-экономикалык программасынын негиздери.

Саламатсыздарбы Кыргызстандык бир туугандарым, агаларым, эжелерим, карындаштарым, инилерим ! 

        Биз ɵзүбүз аракет кылып,  намысыбызды , келечегибизди коргоого чечкиндүү болбосок, балдарыбыз менен кемсинген турмуштун азабынан кутулбайбыз. Андыктан, мурдагыдай курулай убадаларга ишенип, шайлоодо жаш баладай болуп майда барат оокатка добушуңарды алдатып, адашып  шайлаганыңарды токтоткула!

Адам баласы ɵзүн-ɵзү сыйлабаса, андай адамды эч ким сыйлабайт, жардам да бере албайт. Эч качан бекер оокат болбойт! Υй-бүлɵңɵрдүн, балдарыңар жашап жаткан мамлекетиңердин келечеги чечилип жатканда, тагдырыңарды кимге берип жатканыңарды терең ойлонгула! Азыр, ошол Кыргызстан элин азапка салып, парламентте отуруп алып  казынаны тоноп байыган эки жүздүү партиялар, астына жаштарды жамынып алышып, шайлоодо жол салып беребиз, спорт имаратын куруп беребиз деген аткарылгыс убадаларды берип, акчасын таратышып, ак кɵңүл элибиздин добушун алууга  чуркап жүрүшɵт. Ошол амалдуу адамдардын саясий куралы болуп адашып, элди үгүттɵп, адашып жүргɵн Ини карындаштырамды туура жолго чакырам! Шайлоо болоор алдында түптɵлɵ калышып, мамлекеттик иштерди аткарууга  мамлекетчил кадрларды окутуп  даярдабай  эле шайлоого аттанган   жаңы партияларга да боорум ооруйт.   Мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон чыныгы партияны түптɵɵ,  маанилүү саясий-экономикалык программаларды  иштеп  чыгуу,  элге сунуштаган  программаларды аткара турган пикирлеш адамдарды окутуп, тарбиялоо ɵтɵ узун убакытты талап кылат. БИЗ  "Мекен   Ынтымагы” саясий партиясы,  10 жылдан бери талыкпай сапаттуу партияны түптɵɵгɵ аракет кылдык, мамлекеттик маанилүү баардык шайлоо сыноолоруна активдүү катышып, элди курулай убадалар менен алдабай, саясий туруктуулуктун үлгүсүн кɵрсɵттүк!  

        Ушул парламенттик шайлоого партиянын билимин,  тажрыйбасын   алып такшалган, эски амалдуу саясий иштерге аралашпаган таза  адамдарды  алып чыктык.  Эпчил адамдардын кызыкчылыгын коргогон ыймансыз мамлекеттик башкаруу эрежебизди  түп тамыры менен өзгөртпөсөк, өлкөбүздү  өнүктүрүүгө эч качан жол ачылбайт. Менин   максатым,  коом арасынан билимдүү, намыскɵй,  Кыргызстан элинин келечеги үчүн күрөшүүгө  даяр болгон адамдарды тарбиялап, партиябыздын кудурети менен Кыргызстан мамлекетин түптɵп бүгүнкү саясий- экономикалык  туңгуюктан алып чыгуу. 

    Кыргызстанда жаңы саясий экономикалык багытка жол ачылганда гана элди татыктуу иш менен камсыз кылууга ишканалар ачылат.   Ɵндүрүштү көтөрүүгө, кɵмүскɵ экономиканы ачыкка алып чыгарууга, жумушсуздук маселесин чечүүгө, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт тармактарын өнүктүрүүгө, чек арабызды  бекемдɵɵгɵ,  коопсуздукту  күчтөндүрүүгө, сырткы карыздардан кутулууга түрткү боло турган, мамлекеттик казынабызды түптɵй алабыз.

   Биз Парламентке барсак, жеке кызыкчылыгын ойлогон эпчил  адамдардын, өздөрүнө ынгайлаштырып алган  кен байлыктарды иштетүү мыйзамдарын оңдоого;   жумушчу, дыйкан, ишкерлерди көтөрө албас кредиттерге батырып,  турмуштун оор азабына салган  банк иштери, акча каражат саясатын өзгөртүүгө; улуттук  идеологияны  туруктуу калыпка салууга ,   саясый чечимдерди кабыл алууга эркибиз жетет. 

   Урматтуу илимий-чыгармачылык багытта иштеп жаткан менин жердештерим, мугалимдер,  дарыгерлер, бийлик бутактарында  эмгектенип жаткан билимдүү кызматкерлер, укук коргоо, аскер адамдары, жалпы эле  интеллигенция өкүлдөрү!  Биз баарыбыз адилетсиз, сапатсыз башкаруу  системанын курмандыгы болуп жатабыз.  Түшүнөм!

Күнүмдүк  кор оокатыңардан, башкача айтканда,  жумуш орунуңардан  айрылып калуу КОРКУНУЧ сезимиңердин айынан,   көп жылдан бери кыргыз элин кемсинтип, турмуш азабына салган  бийлик   эрежесин колдоп жүрɵсүңɵр. 

   Мамлекет жана эл  алдындагы атуулдук жоопкерчиликти сезбөө,  кайдыгерлик, өзүмчүлдүк мамилебиз менен ыймансыз мансапкор адамдардын бийликке келүүсүнө жол ачып жүрүп, канча уул кыздарынарды чет олкого кемсинтип  тентиттинер? Мамлекетибиздин келечегине коркунуч алып келип жаткан, канча  акча каражат карыздарды чет ɵлкɵдɵн алдынар. Анын баарын, эртен ар бир кыргыз тɵлɵп берүүгɵ милдеттүү экенин, эч кимиң айтпай,  алдап келе жатасыңар. Ошол мамлекеттен алган  карыздарынан  уурдаган акчаңардын Бир аз бɵлүгүн, шайлоого чачып, уялбай кайра депутат болом деп Эл алдына чыктыңар.  Эрте кеч баардык кылган ыймансыз иштеринерге керт башыңар, үй-булɵңɵр менен жооп бересиңер. Силердин саясый кылмыштарынарды кɵрүп, 2010 - жылы сыртта жүргɵн миллиондогон жердештеримдин атынан " Мекен Ынтымагы" партиясын түптɵгɵм.    Өлкө жардын кырына келди, миң толгонуп ойлонолу, ойгонолу туугандар! Музду жара турган мезгил келди.   Коррупция, кылмыштуулукту ооздуктайлы, жумуш издеп дүйнөгө чачырап кеткен элибизди чогулталы, экономиканы өндүрүштү көтөрөлү, илим-билим, руханиятка маани берели!

Башкы байлык-эл! Сыртка кетип жаткан жарандарыбыздын агымын токтотууга, сапаттуу бийлик институттарын түптөөгө биргелешип аракет кылалы. Эгерде, ак ниетиңер менен мамлекетибиздин өнүгүп-өсүүсүн жана жакшы жагына өзгөрүүсүн кааласанар, өзгөрүүнү ар кимибиз  өзүбүздөн баштайлы. Мамлекетибиздин татыктуу келечегин, эл аралык саясаттагы кадыр баркын сактоо үчүн канчалык оор болсо да, эрк -кайрат көрсөтүп, ыйык жарандык милдетибизди сыймыктануу менен аткаралы.

Жогорудагы айтылган мамлекеттин социалдык-экономикалык кɵйгɵйлүү маселелерин чечип, элдин турмушун жакшыртуу максатында тɵмɵндɵгү 15 пункттан турган партиянын программасын сунуштайм:

 

 

  1. Энергетикалык кубаттуулукту генерациялоо жана энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны баштоо өкмөттүн артыкчылыктуу жана кечиктирилгис милдеттеринен болушу керек. Улуттук экономиканын энергоресурстарга болгон керектөөсүн жаңыланган жана жеткиликтүү энергобулактар долбоорлорун ишке ашыруу өлкөбүздүн гидроресурстары аркылүү чечүү өзгөчө маанилүү. Кыргызстандын энергетикалык тармагынын потенциалы энергия булактарын экспорттоого жана ал аркылуу улуттук кирешени көбөйтүү жөндөмүнө ээ.

 

  1. Биз дыкат, терең анализдеп иштеп чыккан жана сунуштаган программа Кыргызстандын географиялык, табигый-климаттык, адам ресурстук өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен түзүлдү жана улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргоого багытталды. Жогорку сапаттагы инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгып, тейлѳѳ багытындагы  экономикалык тармактардын ѳнүгүүсүнѳ ынгайлуу шарттарды негиздейбиз: эл аралык деңгээлдеги сервисти камсыз кылуу менен сапаттуу туризм,  жогорку билим берүү, заманбап медициналык тейлѳѳ сунуштарын өнүктүрөбүз. Тейлѳѳ көрсөтүү рыногун, биз калкка сапаттуу билим берүүгѳ жол ачып, орто жана чакан ишканаларды уюштуруу шарттарын камсыздоо менен ишке ашыра алабыз. Бул багыт жаңы жумуш орундарын түзүүнүн булагы жана калктын социалдык жактан кыйналган чет ѳлкѳдѳгү эмгек мигранттарыбызды Ата-Мекенине кайтаруунун жалгыз жолу.

 

  1. Мамлекеттин азык-түлүк коопсуздук маселеси жана биздин айыл чарба өндүрүшчүлөрүнүн премиум  сапаттагы продукцияларын эл аралык соода базарына алып чыгуу мүмкүнчүлүгү Кыргызстандын агрардык секторунун негизги өнүгүү багыты болот. Бул региондордогу жумушсуздук көйгөйлөрүн чечүүчү, улуттук кирешени көбөйтүүнүн кошумча булагына айланат. Бүгункү кундө бул тармак төмөндөөнүн үстүндө, бийлик институттарынын активдүү көмөгүсүз өз алдынча атаандаштыкка туруштук бере албайт. Жеткиликтүү каржы институттарысыз, илимий жана заманбап агротехнологиясыз жана тиешелүү инфраструктурасыз Агрардык секторду өнүктүрүү мүмкүн эмес. Биз Фермердик чарбаларды өнүктурүүнун конкреттүү механизмдерин, өндүрүлгөн продукцияны сактоонун заманбап технологияларын жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнүн ыкмаларын  сунуштайбыз. Айдоо себүү иштери башталганга чейин мамлекеттик органдар тарабынан убадаланган баада, айыл чарба продукцияларын мамлекеттик кабыл алуучу базаларды ачуу. Республикалык деңгээлде муктаждыктарды жана тейлѳѳнү жеңилдеткен чарбачылык биригүү союздарын негиздѳѳгѳ түрткү болобуз. Керемет жайыттарыбызды, асыл-топурактуу түшүмдүү жерлерибизди жана суу ресурстарыбызды сапаттуу деңгээлде сактап калууга милдеттүүбүз. Айыл чарба багытындагы жерлерди трансформациялоону токтотууга мезгил келди жана ал мамлекеттин өзгөчө коргоосунда болуш керек.  

 

  1. Ѳкмѳт жеңил ѳнѳр жайын колдоого жана андан ары ѳнүктүрүүгѳ активдүү киришет. Тигүү тармагынын продукцияларын ѳндүргѳн улуттук ишканалар айлантуу акча каражаттар булагына муктаж. Ѳзүбүздүн улуттук ишканаларды колдоо жана эл аралык базарларга чыгуу мүмкүнчүлүктѳрүн жогорулатуу максатында атайын каржы фонддору негизделет.

Бүгүнку күндө тигүү өндүрүшүндө иш алып барган ишканалардын негизги чыгашаларын: арендалык чыгашалар, комуналдык төлөмдөр жана бийлик органдары тарабынан текшерүүчу органдарга болгон чыгымдар  түзөт. Ошондуктан өндүрүшкө ыңгайлуу шарттарды түзүү жана чыгашаларына мамлекет тарабынан субсидия берүү зарыл.

Кыргыз Республикасынын Өкмөттүнɵ  караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги СНиП тин  заманбап стандарттарын, нормативдик-укуктук ченем актылары  иштеп чыгат. Социалдык, билим берүү, спорттук, маданий жана стратегиялык объектилердин курулушуна, сапатына жана куруу мөөнөтүнө мамлекеттик көзөмөл органдары гана жооптуу болот. Бюджеттик каражаттарды колдонуу менен Мамлекеттик объектилерди курууга жогорку репутацияга ээ улуттук чарба субъектилери гана укуктуу болот.  

  1. Эгер биз парламентте көпчүлук орунга ээ болуп чечим кабыл алуу укугуна ээ болсок өлкөнүн каржы документин кабыл алууда (мамлекеттик бюджет) билим берүү, саламаттыкты сактоо жана өлкөнүн коопсуздук орган кызматын, маданиятты жана искусствону өнүктүрүүгө биринчи кезекте артыкчылык берилет. Билим берүүнүн, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын  көтөрүүнүн так механизмдери кɵрсɵтүлгɵн Өкмөттүн башкы жана өзгөчө жоопкерчиликтүү Улуттук долбоору болот.

Маданияттын, билим берүүнүн, медицинанын, коопсуздук органдарынын мыкты адистерин турак жай менен камсыз кылуу жана эмгегине жараша материалдык сыйлоо боюнча мамлекеттик социалдык коргоо программасы кабыл алынат.

  1. Сапаттуу, билимдүү адистерди тартуу максатында: карералык өсүүнүн, татыктуу эмгек акынын бекем принциптерин камсыз кылган Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү жаңы мыйзам кабыл алынат. Ишти кынтыксыз аткаруу, эмгектеги мыкты көрсөткүчтөр сөзсүз түрдө бааланууга тийиш. Учурдагы мамлекеттик чиновниктердин арасындагы масштабдуу коррупция негизинен социалдык гарантиялардын жоктугунан, келечеке болгон ишенимдин жоктугунан жана эмгек акынын төмөндүгүнөн болуп жаткан себептердин бири. Бул көрунүш катардагы мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер, врачтар, укук коргоо жана аскер кызматтарынын кенже офицерлеринде жана сержанттарда өзгөчө байкалууда жана жаш, сапаттуу адистердин мамлекеттик кызматтан кетүүсүнүн эң негизги себептеринен болуп саналат. Бийлик институттарынын ишмердигинин алсыздыгынан, потенциалдуу инвесторлорду юридикалык жактан коргоо жана алар үчүн жагымдуу атмосфера калыптанган эмес. Эл аралык интеграциялык процесстерде  пассивдүүлүгүбүздү, мамлекеттик кадр саясаты институттарыбыздын чабалдыгын көргөзүп жатабыз. Улуттук экономикабыздын ѳзгѳчѳ  өнүгүү  моделинин  жоктугу кѳз каранды экономикалык саясатты  жана тилемчилике багытталган жолду улантууга аргасыз кылууда. Гранттарды жана каржылык жардамдарды тыштан чеги жок издей берүү жыл өткөн сайын мамлекеттин ички өнүгүү потенциалын талкалоодо.
  2. Каржылык, юридикалык аудиттин жана аналитикалык иштердин жыйынтыгы менен биз ашыкча бюрократиядан, бирин-бири кайталаган бийлик институттарын кыскартып, азыркы мамлекеттик бюджеттин чегинде кызматкерлер үчүн зарыл болгон жетиштүү эмгек акы фондун түптөйбүз. Бийлик өкулдөрүнүн турмуштук абалы жана бакыбаттуулугу алардын ишинин сапаттуу аткарылган  жыйынтыгына жана улуттук кирешенин өсүшүнө  түздѳн түз байланышта болот.
  3. Улуттук өнүгүүнүн атайын мамлекеттик фонду түзүлѳт. Фонддун натыйжалуу ишмердүүлүгүнүн эсебинен түшкөн каражат тышкы мамлекеттик  карызды жабууга багытталат. Тышкы карызды жабуу боюнча негизги жүктөн арылгандан кийин фонддун негизги финансылык каражаттары улуттук экономиканы колдоого жана өнүктүрүүгө багытталат. 
  4. Өлкөнүн географиялык өзгөчөлүгүнөн улам биздин эл аралык соода аренасына чыгуу мүмкүнчүлүгүбүз чектелген. Ошондуктан эл аралык инфраструктуралык долбоорлорго катышуу менен кургактагы соода артерияларын кошумча өнүктүрөбүз. Автомобиль жана темир жолдорун куруу менен коншу өлкөлөр аркылуу океанга чыгуу жолдорун табабыз.
  5. Пенсионерлерге, калктын социалдык жактан муктаж катмарына жана балдарга кам көрүү күн тартибиндеги маанилүү маселелер. 

Аракеттеги эффективсиз иштѳѳ аракетин кѳрсѳтүп жаткан пенсия, социалдык фонд системасы изилденет жана кайра каралат. Фонддорду капитализациялоо жана ишмердүүлүк сапатын жогорулатуу маселесине  түздөн-түз өкмөт, парламент жана өлкөнүн жогорку жетекчилиги жооптуу болот.

  1. Мурда кабыл алынган ЕАЭП жана БДСУ уюмдарынын жана башка келишимдердин чегиндеги эл аралык экономикалык милдеттемелер терең изилденет. Соода жана бажы саясаты жаатындагы эл аралык  пайдалуу келишимдер, интеграциялык процесстер биздин республиканын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен активдүу түрдө улантылат. Мамлекеттин тышкы соода саясатын активдүү жургузуп, сатуу базарыбызды кеңейтип, башка ѳлкѳлѳр менен экономика жаатында кызматташтыкты күчтѳндүрѳбүз. 
  2. 12. Мамлекеттин аракеттеги акча кредит саясаты  толугу менен кайра каралат. Банк, акча кредит берүү уюмдарынын ишмердүүлүгүн жɵндɵɵчү мыйзамдар жаңыртылат, анда керектөөчүлөрдүн укугу биринчи кезекте эске алынат. Финансылык мониторинг үчүн атайын орган түзүлөт жана ал: көмүскө экономиканын пайда болуу себептерин изилдейт жана аны легалдаштыруу боюнча чараларды иштеп чыгат. Бул жаатта Электрондук документоборот жана фискалдык органдардын дистанттык мониторинг системасы көзөмөлдүн натыйжалуулугун арттырат. Мыйзамсыз финансылык схемалар менен салыктан жана пошлиналардан кыйгап өтүүлөр аныкталган учурда бүт мүлкүн конфискациялоо менен, катуу жазага тартуунун  чараларын караган тиешелүү мыйзам иштелип чыгат.
  3. Ата-бабаларыбыздан калган  ыйык жерибиз, жаратылыш ресуртарыбыз,  табигый кен байлыктарыбыз, суу ресурстарыбыз жалпы кыргызстан элинин ырыскысы жана келечеги. Азыр элибиздин казынасына киреше алып келбеген "Кен байлыктарды колдонуу, иштетүү" мыйзамдарына ѳзгѳртүү киргизилет. Кен байлыктарды изилдеп жана товардык сапатка жеткирүү,  тейлѳѳ иштери, тажрыйбалуу аткара алган  турган ишканаларга берилет. Иштелип чыккан баалуу продукцияны эл аралык базарларга алып чыгуу жана улуттук казынага киреше табуу милдетин мамлекеттик ишкана гана аткарат. Жаратылышты коргоо жана ишканалардын экологияны сактоо кѳзѳмѳлүнѳ аткаруу ѳкмѳтү милдеттүү болуп, атайын жоопкерчиликтүү   мамлекеттик аткаруу инспекция түптѳлѳт. 
  4. 14. ​Мамлекеттин салык саясаты инвестициялардын агымынын негизги стимулятору жана рыноктун өсү динамикасынын регулятору болуп саналат. Бардык резиденттер үчүн өзгөчө женилдиктер каралган экономикалык өнүгүү зоналарын түзүү максатка ылайыктуу. Резиденттерди каттоого алууну болушунча жөнөкөйлөштүрүш керек. Жылдык айлантуусу 100миң доллардан ашпаган  ишкерлерди салыктын бардык түрлөрүнөн бошотуу. 100миң доллардан 350 миң долларга  чейин айлантуудагы капиталы барлардан НДСти 6% чейин кыскартуу. экономикалык өнүгүү зонасында Мамлекеттик банктын филиалын ачып ал аркылуу РЕЗИДЕНТТЕРДИ төмөнкү пайыздагы кредиттер менен камсыз кылуу. Жалпысынан өлкөдө физикалык тараптардын прогрессивдүү салык салуу системасын орнотуш керек.

 

  1. Бардык бийлик бутактарынын, өкмөттүн тилектештиги жана ырааттуулугу биздин партиянын бул программаны ишке ашыруудагы эл тарабынан түшүнүүчүлүк жана жалпы колдоо болгон шартта биз төмөндөгүдөй экономикалык көрсөткучтөрдүн камсыз кыла алабыз: ИДПнын 5-6%га чейин өсүшү, өнөр жай өндүрүшүнүн жылына 15%дан, айыл-чарба өндүрүшүнүн кɵлɵмүн 5-10%дан кем эмес өсүшү, инвестициялар боюнча негизги капиталдын 9-10%дан,  улуттук кирешенин жана мамлекеттин алтын запасынын жыл сайын өсүшүн. 

 

Эч ким түбөлүк жашабайт, аркы дүйнөгө көр оокатын ала кетпейт.  Шайлоодо адилеттүү чечим кабыл алып, элибиздин татыктуу келечеги үчүн “Мекен Ынтымагы” партиясына добуш берүүгө чакырам.

Сый урматым менен, "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынын жетекчиси Темирбек Асанбеков!