Кубатбек уулу Азамат

Фамилиясы: Кубатбек уулу

Аты: Азамат

Талапкердин кыскача өмүр баяны:  Кубатбек уулу Азамат  1994-жылдын 30-апрель күнү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылында туулганмын.2000-жылы  №37 «Г.Айтиев» орто мектебине 1-класска кабыл алынып, 2011-жылы орто мектепти аяктап, ушул эле жылы ОшТУнин автоунаа факулыетине тапшырдым. 2012-жылы 2-курстун  аягында сырттан окуу бөлүмүнө которулгамын. 2012-2014-жылдары "Башат" ТРКда оператор-монтажер болуп, ушул эле телевиденияда 2014-2016-жылдары рефиссер кызматын аркаладым. 2016-2019-жылы "24ТВ" телевидениясында башкы режиссер, 2019-2020-жылдары "TMG" телеканалында оператор-монтажер, 2021-жылы ЖКнин депутаттарын шайлоо учурунда ОШКнын Төлөйкөн айыл өкмөтү боюнча куратордук кызматын колго алгам. Азыркы учурда "Ынтымак" КРТРКда башкы режиссер кызматын аркалап келем.

Үй-бүлөлүк абалым: Атам Токоев Кубатбек Жаңыбаевич 20.07.1965-жылы туулган азыркы учурда Ош шаардык тез жардам бөлүмүндө фельдшер болуп эмгектенет, апам Оморова Жамилла Осмоналиевна учурда ОшМУнун жатаканасында иштейт. Үй-бүлөөдө төрт бир тууганбыз, эки эжем бир иним бар. Жубайым Ураимжанова Айтурган Куттубаевна учурда үй кожейкеси, эки балам бар.