Кубатбек уулу Азамат

Талапкердин программасы:

  1. Негизги максат жалпы элге кызмат кылуу, элдин  жашоо  шартын  жакшыртуу,    элге  жардам  көрсөтүү.
  2. Төлөйкөн айылындагы аягына  чейин бүтпөй калганимараттарды (бала бакча,спорт аянтча) толугу  менен бүткөрүү, айыл тургундарына жана жаштарга  заман талабына  ылайык  шарттарды түзүп  берүү. Учурда газ түтүктөрү тартылып жаткан көчөлөрдү кеңейтүү.
  3. Төлөйкөн айылынын социалдык -экономикалык абалын жашоо  шартын  жакшыртуу.Социалдык обьектилерге саркынды сууларын агызуучу канализация тартуу. Айыл ичинде жайгашкан 1ФАПты ремонттон өткрүү.
  4. Төлөйкөн айылындагы ички жолдорду асфалытоо жана жолдордун четине жарыктандыруулар  жана  аялдамалар  куруу. Эскилиги жеткен электр мамычаларды алмаштыруу. Электр чордондорун күчтөндүрүү учурдун талабы.
  5. Демөөрчүлөрдү тартуу менен айыл жергесинде мектеп окуучуларынын билимин өстүрүү.Жаңы заманбап компьютерлер менен камсыз кылып берүү.
  6. Төлөйкөн айылында спортко кызыккан жаш өспүрүмдөрдү колдоо, кичи футбол боюнча атайын тандалып түзүлгөн команданы республикалык денгээлге чыгаруу. Жаштарды ар кандай жаман жоруктардан кайтаруу, ынтымакка чакыруу максатында байма бай спорттук мелдештерде айыл өкмөт тараптан өткөрүп туруу.
  7. Кайракы жерлерге суу жеткизүүчү каналдарды оңдөп түзөөдөн өткөрүү, насостук станциянын насосторун күчтөндүрүү менен иштелбей калган эгин эгүүчү талааларга суу жеткирип берүү зарыл.
  8. Айыл ичиндеги кичи ишкерликти өнүктүрүү, ишкерликке кызыккан тургундарды атайын окуулардан өткөрүү учурдагы кылып жаткан эмгегимди дагы жакшыртуу менен улантуу.

(Орфография-пунктуация жана автордун стили сакталган)