Кочкоров Жаркынбек Калдарбекович

Фамилиясы: Кочкоров

Аты: Жаркынбек

Атасынын аты: Калдарбекович

Талапкердин кыскача өмүр баяны: Кочкоров Жаркынбек Калдарбекович 1975 – жылдын 24 – январь  күнү  Ош  областынын, Кара-Суу районуна караштуу Учар айылында туулганмын. 1981 – жылы  № 28  «Учар»   орто мектебинин  1 – классына кабыл алынып, 1992 – жылы аталган мектептин 11–классын ийгиликтуу аяктадым. 1995– жылы  Ош  Технологиялык Университетинин  «Жол кыймылын уюштуруунуни нженери»  квалификациясы боюнча окууга тапшырганмын. 2001 – жылы аталган университеттин   «Жол кыймылын уюштуруу»  адистигине ээ болуп окуну аяктадым.       1996–жылы Ош Технологиялык Университетинин Аскердик кафедрасында билим алганмын.  Азыркы убакытта жеке ишкерлик менен алектенемин. Үй – бүлөдө  4  бир тууганбыз. Атам: Кочкоров Калдарбек    дүйнөдөн кайткан. Апам: Акчалова  Малике  ардактуу  эс  алууда. Үй – бүлөлүк  абалым,   үй-бүлөлүмүн,  бир уул,  төрт кыздын атасымын.  Аялым:  Тургунбаева Гулбара азыркы учурда  Ош троллейбус  паркында  кассир  болуп эмгектенет.  Мен  жана менин бир туугандарым  сот  жоопкерчилигине тартылган эмес,  үчүнчү  жак  катары  сот  отурумдарына катышканы жок.