Кочкоров Жаркынбек Калдарбекович

Талапкердин программасы:

  1. «Учар» айылынын социалдык-экономикалык абалын жана жашоочулардын жашоо шартын жакшыртуу.
  2. «Учар айылындагы башталып бирок,  аягына чейин бүтпөй  калган   имараттарды толугу менен бүткөрүү,   спорт аянтчаларын куру жана жаштарга заман талабына ылайык шарттарды түзүп берүү.
  3. Эл менен жолугушуп,  чечилбей турган көйгөйлөрүн жана маселелерин толугу менен   үйрөнүп чыгып,    чечүүүчүн иш алып баруу.
  4. «Учар» айылындагы жараксыз абалга келип калган  жолдорду айыл өкмөт менен өз ара сүйлөшүп, асфальттоо жана жолдордун четине жарыктандыруулар жана аялдамалар куруп,  жол кыймылын жакшыртуу
  5. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн бюджетин көбөйтүүгө жардам көрсөтүү
  6. Дыйкандардын иш – аракеттерин жолго салуу үчүн  айыл өкмөт менен  сүйлөшүү   алып барып жогорку сорттогу   үрөндөрдү   алууга жардам көрсөтүү
  7. Негизги максат жалпы элге кызмат кылуу, элдин жашоо шартын жакшыртуу,    элге жардам көрсөтүү.
  8. Аз камсыз болгон үй – бүлөөлөргө айыл өкмөт тарабынан материалдык жардам берүүсүн  көбөйтүү  жана көмөк көрсөтүү.

(Орфография-пунктуация жана автордун стили сакталган)