Артыкбаев Гыламидин Үрүстөмович

Мен, Артыкбаев Гыламидин Үрүстөмович 1975-жылдын 25-декабрында, Ош областынын Баткен областына караштуу Кара-Токой айылында туулган. 1983-жылы Кара-Токой айылындагы Кыргызстандын 60 жылдыгы атындагы орто мектебинин биринчи классына кабыл алынып, 1993-жылы ийгиликтуу аяктадым.

            1995-жылы Ош Мамлекеттик Университетининин юридика факультетинин «юриспруденция» адистигинин 1-курсуна кабыл алынып, аталган окуу жайын 2000-жылы ийгиликтүү бүтүрдүм.

            2001-жылдын 1-сентябрында Баткен Мамлекеттик Университетинин «Экономика жана Укук» факультетинин “Коомдук илимдер» кафедрасына окутуучу болуп жумушка кабыл алындым. 2002-жылдын 1-сентябрынан аталган факультеттин окуу-тарбия иштери боюнча декандын орун басары болуп дайындалдым.

            2003-жылдын октябрь айынан «Экономика жана укук» факультетинин деканы болуп дайындалдым.

            2004-жылдын февраль айынан «Экономика жана тарых» факультетинин деканы, 2006-жылдын сентябрь айынан «Тарых» факультетинин деканы, 2007-2008 жылга чейин «Тарых жана педагогика» факультетинин деканы болуп эмгектендим.

            2008-жылдан 2010-жылга чейин ага окутуучу болуп эмгектендим.

            2010-жылдан 2014-жылдын  сентябрь айына чейин «Гуманитардык-экономикалык» факультетинин деканы болуп иштедим.

            2014-жылдын 1-сентябрынан 2017-жылга чейин ага окутуучу, 2017-жылдан 2019-жылдан 30-декабрына чейин «Табият таануу жана педагогика» факультетинин деканы болуп эмгектендим.

            2021-жылдын март айынан азыркы кунго чейин БатМУнун «Тышкы байланыштар жана укуктук камсыздоо боюнча» проректору кызматын аркалап келем.

            2008-2012-жылга чейин Баткен райондук кенешине эки мандаттуу Суу-Башы айылдык аймагынан депутат болуп шайланып келдим.  

            2008-2012-жылга чейин Баткен райондук кенешинин торагасынын орун басары болуп иштедим.

            2021-жылдын май айынан баштап Баткен шаардык кенешине «Ынтымак» саясий партиясынан депутат болуп шайландым.

            “Чек арага жакын аймактардагы мамлекеттик башкаруу” аттуу темада юриспруденция адистиги боюнча илимий диссертациямды коргоо алдындамын. 20 жылдык агартуу тармагында иштеген мезгилде бир топ жетишкендиктерге жетиштим. 2006-жылы жеке демилге менен Баткен шаарында БатМУнун алдындагы Баткен көп тармактуу колледжин негиздегем. 2020-жылы Баткен  областында жалгыз юридикалык клиникасын негиздедим. БатМУнун алдында түзүлдү. Негизги максаты элдин аярлуу катмарына мамлекет тарабынан кепилденген акысыз акысыз юридикалык жардам, көрсөтүү болуп эсептелет.

Билим берүү тармагында үзүрлүү кылган эмгегим үчүн бир топ алкыш, ыраазычылык кат, ардак грамота дипломдор менен сыйландым. Университеттин, мэриянын, губернатордун, акимдин сыйлыктары. Спорттун жеңил атлетика түрү боюнча Кыргызстандын намысын эл аралык аренада бир нече жолу коргоп келдим.

Үй-бүлөлүү, 7 баланын атасы.

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)