Өмүр баян
Мен, Юсупалиев Мунарбек Худайбердиевич, 28 -апрель 1985-жылдын 28-апрелинде Ош облустунун Фрунзе районуна караштуу Алга (Бургонду) айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөмүн. Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз, эки агам, бир иним бар.
1990-жылы Баткен районуна караштуу Чон-Кара айылындагы Токтогул атындагы орто мектебине 1-классына кабыл алынып, аталган мектепти 9-классын аяктаганга чейин окудум.
2000-жылы үй-бүлөбүз менен жашоо шартыбызга байланыштуу Чүй облусунун Москва районуна караштуу Предтеченко айылына көчүп кетип, 10-11-классты Мирдин Тугельбаев атындагы орто мектебинен 2002-жылы аяктадым. 2003-2004-жылдары Беловодский айылындагы №28 Орус-Кыргыз кесиптик Лицейине окууга тапшырып Фермер-Предприниматель адистигин аяктадым. 2004-жылы Ош МУнун БиМ факультетине тапшырып, 2008-жылы «Финансы Кредит» адистигин аятадым.
Өз кесиптик кызматымды 2007-жылы 4-курстан тартып, Кызыл-Кыя шаарында ЗАО «МКК ФИНКА»да кредит бөлүмүндө сыноо мөөнөтүнөн баштап жумушка орноштум.
2010-жылы октябрь айынан Жалал-Абад облустуна караштуу Кара-Куль шаарына ЗАО «МКК ФИНКА»нын филиалына жетекчи кызматына которулуп, 2011-жылы февраль айынын аягынан баштап, Лейлек районунун Исфана шаарына ЗАО «МКК ФИНКА»нын өкүлчүлүгүнө УИК кызматына орношуп, өз ишимди улантып баштадым.
2012-жылдын 4-сентябрынан ЗАО «МКК ФИНКА»дан жумуштан бошотулуп, 05.09.2012-жылдан тартып 01.12.2012ж аралыгында ОсОО «МКК Мол Булак Финанс» компаниясынын Санкт-Петербург шаарына Кредиттик Мененджер кызматында орношуп, жаны кызматы аркалап баштадым.
2012-жылдын декабрь айында Кыргызстанга кайра келип, ушул күнгө чейинки аралыкта ОсОО «МКК М БУЛАК» Баткен өкүлчүлүгүнүн жетекчиси болуп иштеп келемин.
Иштеген ишимдин узурун коруу менен жетекчилик тарабынан 2015-жылы Санкт-Петербург шаарына, 2018-жылы Ташкент-Самарканд шаарларына, 2019-жылы Турциянын Анталия шаарына эс алуу барактарын белекке алып кесиптештер менен чогуу барып эс алып келдик. 2021-жылдын апрель айынан тартып Төрт-Гүл айылдык кенешинин депутатымын.
Учурда үй-бүлөлүүмүн, 3 уулдун атасымын.
(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)